КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы №390 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 “Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Баалуу металлдарды жана асыл таштарды казууда, өндүрүүдө, пайдаланууда, жүгүртүүдө жана ташууда кыймылын жана сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын   27-июнундагы № 303 “Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

“– Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо  4-тиркемеге ылайык.”;

2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы  4-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркеме

                                                                “4-тиркеме

Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо баалуу металлдарды жана асыл таштарды казууда, өндүрүүдө, пайдаланууда, жүгүртүүдө жана ташууда кыймылын жана сакталышын контролдоо тартибин аныктайт, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоонун, эсепке алуунун жана пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.

2. Ушул Жобонун колдонулушу төмөнкүлөр менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жайылтылбайт:

1) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик буюмдар;

2)  кайра пайдаланылуучу баалуу металлдар.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана кредиттик уюмдарда баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуунун жана сактоонун, ошондой эле аларды пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.

4. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алуу, өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана ташуу чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Жобонун негизги ченемдерин эске алуу менен баалуу металлдарды жана асыл таштарды алуу, чыгымдоо, эсепке алуу, сактоо жана ташуу тартиби жөнүндө локалдык нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет.

5. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) бардык түрдөгү жана абалдагы баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алууда, өндүрүүдө, жүгүртүүдө жана ташууда так эсебин жүргүзүүгө;

2) бардык сактоо жайларында жана түздөн-түз өндүрүштө инвентаризациялоону жүргүзүүгө;

3) өндүрүштө жана сактоо жайларында баалуу металлдардын жана асыл таштардын кыймылы жөнүндө отчеттуулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого;

4) иштелип чыккан жана бекитилген нускамаларга ылайык баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоону жана ташууну жүзөгө ашырууга;

5) баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү процессинде сактоо, иштетүү, сатуу (чыгаруу), ташуу же колдонуу менен түздөн-түз байланышкан кызматтарды ээлеген же иштерди аткарган кызматкерлер менен толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдерди түзүүгө;

6) мамлекеттин баалуу металлдарды жана асыл таштарды артыкчылык менен сатып алуу укугун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууну алгачкы соодада сунуш кылууга.

2. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо жана ташуу

6. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле аларды камтыган материалдарды, сыныктарды жана калдыктарды сактоо  бардык сактоо, пайдалануу, эксплуатациялоо жана ташуу жерлеринде аларды уурдоодон, өрттөн, бузуудан толук сакталышын камсыз кылуу менен уюштурулат.

7. Юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдер түзүлгөн материалдык жактан жооптуу адамдарда атайын техникалык коргоо каражаттары менен жабдылган жайларда жүзөгө ашырылат.

8. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо жайларынан чыгаруу юридикалык жактын же жеке ишкердин жетекчисинин, башкы (улук) бухгалтеринин уруксат берүүчү колу коюлган жана баалуулуктарды чыгаруучу жана кабыл алуучу материалдык жактан жооптуу адамдардын колу коюлган документтер боюнча жүзөгө ашырылат.

9. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды кабыл алуу жана чыгаруу жүргүзүлгөн кампалар менен чыгдандар таразалар жана башка өлчөөчү приборлор менен камсыз кылынат. Таразалар жана башка өлчөгүчтөр белгиленген метрологиялык мүнөздөмөлөргө ылайык келүүгө жана жылына 1 жолудан кем эмес шайкештиги текшерилүүгө тийиш.

10. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды (зергердик буюмдарды, зергердик буюмдардын чала фабрикаттарын, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн өз ишинде колдонулуучу жана алардын менчиги болуп эсептелген баалуу металлдар менен асыл таштарды кошпогондо) ташуу куралдуу коргоонун коштоосунда аба, темир жол жана автомобиль транспорту менен жүзөгө ашырылат. 

11. Баалуу металлдар менен асыл таштарды (зергердик буюмдарды, зергердик буюмдардын чала фабрикаттарын, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн өз ишинде колдонулуучу жана алардын менчиги болуп эсептелген баалуу металлдар менен асыл таштарды кошпогондо) ташууда аларды ташып өткөрүү камсыздандырылат. Ташууда юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин, коштоп жүрүүчү адамдар менен жүк ташуучунун ортосундагы жоопкерчилик тиешелүү келишимдер менен аныкталат.

12. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды (зергердик буюмдарды, зергердик буюмдардын чала фабрикаттарын, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн өз ишинде колдонулуучу жана алардын менчиги болуп эсептелген баалуу металлдар менен асыл таштарды кошпогондо) алар сакталган жайдан дайындалган жерине чейин ташуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасы тарабынан юридикалык жактын же жеке ишкердин жооптуу адамынын коштоосу менен жүзөгө ашырылат.

13. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташууну жана сактоону уюштуруу жана салмактык чарбаны текшерүү жоопкерчилигин мындай жоопкерчилик жүктөлгөн юридикалык жактын же жеке ишкердин жетекчиси, орун басарлары жана башкы бухгалтери тартат.

14. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоонун жана ташуунун эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти юридикалык жактын же жеке ишкердин цехтеринин, бөлүмдөрүнүн,  лабораторияларынын, участокторунун жетекчилери, начальниктери тартат.

3.  Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу

15. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу алар казып алынган жана чыгарылган учурдан баштап бардык баскычтарда жана технологиялык, өндүрүштүк операцияларда жана аларды пайдалануу жана жүгүртүү менен байланышкан башка процесстерде жүзөгө ашырылат.

16. Баалуу металлдарды казып алуу менен алектенген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер баалуу металлдарды эсепке алууну алардын аталышы, массасы боюнча, ошондой эле бул мүмкүн болсо, баалуу металлдарды камтыган чийки заттарды чыгаруунун, байытуунун, андан ары кайра иштетүүнүн, пробалоонун жана талдоонун технологиялык процесстеринин шарттарын эске алуу менен сапаты жана наркы боюнча жүргүзүлөт.

17. Минералдык жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кайра иштетүү продуктуларынын курамына кирген баалуу металлдарды аффинажга өткөрүүдө эсепке алуу химиялык таза баалуу металлдардын массалык үлүшүнө кайра эсептөөдө жүзөгө ашырылат. Аффинаж жүргүзүлгөндөн кийин аталган баалуу металлдарды эсепке алуу аффинаждын натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.

18. Асыл таштарды казып алуу менен алектенген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан эсепке алуу алардын аталышы, салмагы жана сапаты боюнча, ошондой эле алар өз алдынча сорттоо, баштапкы жиктөө жана баштапкы баалоо жүргүзүүдө нарктык мааниде жүргүзүлөт.

19. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо жайларында (кампалар, цех чыгдандары ж.б.у.с.) эсепке алуу так отчеттулуктагы эсепке алуу документтеринде, типтүү ведомстволор аралык формаларда жүзөгө ашырылат, алар бухгалтерияда катталат жана эсепке алуунун техникалык каражаттарын (компьютерлер ж.б.) колдонуудан көз карандысыз материалдык жактан жооптуу адамдарга тил кат менен берилет.

20. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле буюмдарды жана калдыктарды бөлүмдөрдүн жана отчет берүүчү адамдардын ортосунда өткөрүп берүү баалуулуктардын саны (дааналары) жана массасы цифралар жана сөздөр менен көрсөтүлгөн кабыл алуу-тапшыруу коштомо кагаздарын тариздөө менен сактоо жайлары аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

21. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер бир жылдын ичинде кварталына бир жолудан кем эмес баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алууда, өндүрүүдө, пайдаланууда, жүгүртүүдө жана ташууда оперативдүү эсепке алууну жүргүзүүнүн тууралыгын жеринде текшерүүнү жүргүзөт. Документтердеги жазуулардын тууралыгы юридикалык жактын же жеке ишкердин бухгалтериясынын жооптуу адамдарынын колу менен күбөлөндүрүлөт. Оперативдүү эсепке алууну жүргүзүүнүн туура эмес уюштурулушу үчүн жоопкерчиликти юридикалык жактын же жеке ишкердин башкы (улук) бухгалтери жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартат.

22. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды уурдоого, алардын жетишсиздигине жана ченеминен ашык жоготууга күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылганына карабастан, келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана эмгек мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартат.

23. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу кагазда алып жүрүүчүлөрдө же электрондук түрдө жүргүзүлөт.

4. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды инвентаризациялоо

24. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды аларды пайдаланууда жана жүгүртүүдө, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдаланууда пайда болгон сыныктарды жана калдыктарды инвентаризациялоо, аларды сактоонун жана пайдалануунун бардык жерлеринде жайларды жана жабдууларды технологиялык тазалоону жүргүзүү менен жыл сайын жүргүзүлөт. Инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык юридикалык жактын же жеке ишкердин эсептик саясатына ылайык аныкталат.

25. Баалуу металлдарды андан ары өндүрүү же аларды аффинаждоо үчүн арналган баалуу металлдарды казып алууда же коштоп чыгарып алууда аларды инвентаризациялоо жыл сайын жүргүзүлөт. Инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык юридикалык жактын же жеке ишкердин эсептик саясатына ылайык аныкталат.

26. Айрым технологиялык операцияларды жүргүзүүдө инвентаризациялоонун мезгилдүүлүгү юридикалык жактын же жеке ишкердин жетекчилери тарабынан белгиленет.

27. Инвентаризация жүргүзүү үчүн юридикалык жактын же жеке ишкердин жетекчисинин буйругу менен инвентаризациялык комиссия дайындалат. Инвентаризациялык комиссиянын курамына юридикалык жактын же жеке ишкердин администрациясынын өкүлдөрү, бухгалтердик жана башка кызматтарынын кызматкерлери кирет. Инвентаризациялык комиссиянын курамына көз карандысыз аудитордук уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

28. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды инвентаризациялоо иш кабыл алынган-тапшырылган күнү, табигый кырсыктардан, өрттөн кийин, жоготуу жана уурдоо фактылары аныкталганда, юридикалык жак кайра уюштурулганда, бөлүүчү балансты түзүүнүн алдында материалдык жактан жооптуу адамдар алмашкан учурда милдеттүү болуп саналат.

29. Инвентаризация отчеттук мезгилдин ичинде же өзгөчө кырдаалдар келип чыккандыгына байланыштуу жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы инвентаризацияларга жана текшерүүлөргө карабастан белгиленген мөөнөттөрүндө жүргүзүлөт.

30. Баалуу металлдардын жана асыл таштардын бар экендиги белгиленген өлчөө бирдиктеринин негизинде таразага тартуу, эсептөө, ченөө ж.б. жолдор менен аныкталат. 

Таразага тартуунун алдында таразалар тиешелүү каттоо журналына жазылуу менен туруктуулугу, сезгичтиги жана таразага тартуунун тактыгы текшерилет.”.

Тиркемелер

Басып чыгаруу