Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бирдиктүү миграциялык саясатын иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кошуу жолу менен тиешелүү штатты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды, ага жүктөлгөн функцияларды өткөрүп берүү менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү түзүлсүн жана анын жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелерине тийиштүү техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык бирдиктеринен 11 бирдикти финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
«– аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен чет өлкөдөгү мекендештердин ортосундагы маданий жана социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кызматташууну камсыз кылуу.»;
– 7-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:
«– миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикадан тышкары жакта каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялайт.»;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи – жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«– чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоого багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;
– кызыкдар болгон министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен миграция маселелерин чечүүдө өз ара аракеттенет;
– миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт.»;
5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«– чет өлкөдөгү мекендештердин диаспоралары жана улуттук-маданий бирикмелери менен байланыш түзөт;
– чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.»;
– 5-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
«161. Министрликтин функцияларын жана милдеттерин толук кандуу аткарууну камсыздоо максатында Министрликтин түзүмүндө ведомстволук бөлүмдөр, анын ичинде чет өлкөлөрдө, ошондой эле ишин коомдук башталышта жүргүзгөн коомдук өкүлдөр ишин жүргүзөт.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
– 8-пунктта:
1-пунктчанын отуз жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 1-пункттун 1–12-пунктчаларында:
– «Негизги персоналдын штаттык бирдиктеринин саны» графасындагы «468», «470», «472», «474», «476», «478», «480», «482», «484», «486», «488», «490» деген цифралар тиешелүү түрдө «445,5» «447,5», «449,5», «451,5», «453,5», «455,5» «457,5», «459,5», «461,5», «463,5», «465,5» «467,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;
− «борбордук аппараты» сабындагы «213» деген цифра «207» деген цифра менен алмаштырылсын;
− «Техникалык жана тейлөөчү персоналдын штаттык бирдиктеринин саны» графасында «181», «143» деген цифралар тиешелүү түрдө «166», «132» деген цифралар менен алмаштырылсын;
− «ведомстволук бөлүмдөрү» деген сап күчүн жоготту деп таанылсын;
− 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
9 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 1593 | 469 |
анын ичинде: | |||
борбордук аппарат | 136 | 28 | |
аймактык бөлүмдөр | 1145 | 254 | |
ведомстволук бөлүмдөр (анын ичинде чет өлкөлөрдө) | 312 | 187 |
».
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Борбордун ишинин максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда ишке орношууга көмөк көрсөтүү, чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана республиканын аймагынан тышкары жерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарын компенсациялоо болуп саналат.»;
– 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пунктчалар менен толукталсын:
«5) чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
6) республикадан тышкары жакта каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялоо.»;
– 10-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«– чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;»;
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикадан тышкары жакта каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялайт.»;
– 13-пунктта «министр» деген сөз «Борбордун директору» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
– штаттарды өткөрүп берүүдө өткөрүп берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик жарандык кызматтын түрлөрүнөн өтүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарды ээлеген кызматкерлер которулууга тийиш экендигин эске алсын;
– бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү актысын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомунун 1, 3-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомунун 3-пунктунун 1-пунктчасы;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров