Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктун аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1)Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2)Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери 2-тиркемеге ылайык;
3)Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишим 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери
- Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери (мындан ары – Эрежелер) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын (мындан ары – эл аралык стипендия) ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана кароо тартиби
2. Эл аралык стипендияга талапкерлерди тандоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) катчылык түзүлөт, ал өз ишин ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүргүзөт.
3. Документтерди кабыл алуу жана конкурс өткөрүү мөөнөттөрү жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү башталганга чейин 14 (он төрт) календарлык күн мурда Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат. Документтерди кабыл алуу мезгили 30 (отуз) календарлык күндөн кем эмес мөөнөттү түзөт.
4. Талапкерлер конкурска катышуу үчүн жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 3-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
5. Конкурска катышууга чет мамлекеттин жогорку окуу жайына (мындан ары – жож) окууга кабыл алуу жөнүндө сунуш кат менен кабыл алынган талапкерлерге жол берилет.
6. Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
2) паспорт/инсандын күбөлүгү;
3) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишүүнүн орточо баллы менен (GPA) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
4) программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
5) чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
6) жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
7) эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.
7. Талапкер тарабынан документтердин топтому документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын веб-порталы аркылуу берилет.
Берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкердин порталдагы жеке кабинетине документтерди кабыл алуу жана конкурска катышууга уруксат берүү же аларды кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө билдирүү жиберилет.
Документтер Эрежелердин талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген, ошондой эле документтердин топтому толук берилбеген учурда, талапкер бузууларды четтетүүгө жана документтерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде документтердин топтомун кайра тапшырууга укуктуу.
Талапкердин жана конкурска катышууга уруксат берүү үчүн документтердин топтомунун Эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
8. Документтерди караган учурда талапкерге конкурска катышуудан баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дипломдо (бакалавр же адис) көрсөтүлгөн багыттын/адистиктин окуу программасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн багыттардын/адистиктердин окуу программаларынын бирине шайкеш келбесе;
2) академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документте көрсөтүлгөн адистикти алуу үчүн окуу программасы адистиктин окуу программасына ылайык келбесе;
3) дипломдун (бакалавр же адис) орточо баллы же учурдагы жетишкендиктери жөнүндө маалымкаттын Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келбесе;
4) талапкер ушул Эрежелердин 3 жана 4-пункттарынын талаптарына ылайык келбесе.
Документтерди кабыл алуу же конкурстан өтүү баскычында атайылап жалган маалыматтар берилгендиги аныкталган учурда талапкерге ушул жылы конкурска катышууга жол берилбейт.
- Талапкерлерди тандоону уюштуруу жана өткөрүү
9. Конкурс эки турдан турат.
10. Биринчи тур ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
11. Биринчи турда документтерди тандоо ушул Эрежелердин
2-главасына ылайык жүргүзүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу орган талапкерлердин материалдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары – Республикалык комиссия) кароосу үчүн экинчи турга киргизет.
13. Республикалык комиссия эл аралык стипендияны ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат, ал жөнүндө талапкерге ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-порталына маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
14. Конкурстун жеңүүчүсү Республикалык комиссия тарабынан талапкерге эл аралык стипендияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде стипендиаттын, анын ата-энесинин (асырап алуучуларынын, камкорчуларынын же көзөмөлчүлөрүнүн), финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу органдын ортосунда окутууга төрт тараптуу келишим (контракт) түзөт, анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы
№ 146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын ээлери менен (мындан ары – Стипендиат) окутууга келишим (контракт) түзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Окутууга келишим түзүүнүн тартиби жана шарттары
2. Стипендиат Кыргыз Республикасынын Президентинин
“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия (мындан ары – Республикалык комиссия) ага Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын (мындан ары – эл аралык стипендия) ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде стипендиаттын, анын ата-энесинин (асырап алуучуларынын, камкорчуларынын же көзөмөлчүлөрүнүн), финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) ортосунда чет мамлекеттеги жогорку окуу жайда окутууга төрт тараптуу келишим (контракт) (мындан ары – келишим) түзөт, анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Стипендиат ооруп калган, иш сапарда болгон жана келишим түзүүгө тоскоол жараткан башка жагдайлар болгон учурларда Стипендиат белгиленген мөөнөттө окутууга келишим түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө ырастоочу документтерди берген шартта чет мамлекеттеги жогорку окуу жайда (мындан ары – жож) окутууга келишим түзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө Республикалык комиссияга кайрылат.
Келишим түзүүнү узартуу мөөнөтү Республикалык комиссия тарабынан келишим түзүүнүн мөөнөтүн жүйөлүү себеп боюнча узартууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 90 (токсон) календарлык күндөн ашпайт. Келишим түзүүнү узартуу ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн учурларда бир жолу берилет.
3. Стипендиат тарабынан ыйгарым укуктуу органга келишим түзүү үчүн өздүгүн ырастоочу документ көрсөтүлөт.
3. Стипендиатты каржылоо, эл аралык стипендиядан ажыратууда/баш тартууда чыгымдардын ордун толтуруу
4. Стипендиат эл аралык стипендияны алууга келишимдеги милдеттенмелерди сактабагандыгынын негизинде Республикалык комиссиянын чечими боюнча эл аралык стипендиядан ажыратылган учурда Республикалык комиссия тарабынан эл аралык стипендияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып Стипендиатка сарпталган чыгымдардын ордун толтурууга тийиш.
5. Стипендиат карыздын ордун толтуруу жөнүндө чечим кабыл алынган жана/же карыз жөнүндө кабар алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде финансылык каражаттардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашууну ыктыярдуу түзөт жана чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чыгымдардын ордун толтурат.
6. Эгерде Стипендиат ушул Эрежелердин 5-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу түзбөсө, карыздын ордун толтуруу сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишим
Бишкек ш. 20 ___-ж. “__”______
Мындан ары “КР БИМ” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Жобонун негизинде иш алып баруучу министр ________________________________, мындан ары “КР ФМ” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан Жобонун негизинде иш алып баруучу министр __________________________________ бир тараптан жана мындан ары “Стипендиат” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын жараны ____________________________________________________,
(аты-жөнү)
“Стипендиаттын” ата-энеси (асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү)_____________________________________________
(аты-жөнү)
экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар”, ал эми өзүнчө “Тарап” деп аталуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Ушул Келишимдин предмети болуп Тараптардын Стипендиатты окутууну уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы (мындан ары – эл аралык стипендия) боюнча иш-чараларды ишке ашырууда келип чыгуучу өз ара мамилелери саналат.
1.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелерине (мындан ары – Эрежелер) ылайык өткөрүлгөн эл аралык стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары – Республикалык комиссия) 20___-жылдын “___” ________ жыйналышынын протоколунун негизинде КР БИМ Стипендиатты эл аралык стипендия боюнча жалпы окуу мөөнөтү ________ жыл _______ айды түзгөн ____________________________ программасы боюнча ______________________________________ өлкөдөгү ___________________________________________________
окууга (мындан ары – Окуу жайы) жиберет.
2. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ
2.1. КР БИМ төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1.1. Стипендиатты окууга жиберүү жөнүндө буйрук чыгарууга.
2.1.2.Стипендиатка Республикалык комиссиянын протоколдук чечимин алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ага карата кабыл алынган чечимдер жөнүндө кабарлоого.
2.2. КР БИМ төмөнкүлөргө укуктуу:
2.2.1. Стипендиат тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо үчүн Стипендиаттан документтерди талап кылууга, ошондой эле аларды берүүнүн акылга сыярлык мөөнөттөрүн белгилөөгө.
2.2.2. Стипендиат жөнүндө маалыматтарды төмөнкү мезгилде колдонууга:
1) ал эл аралык стипендияны ыйгарууга конкурстук тандоодон өткөн;
2) аны Окуу жайда окутууну уюштурууда;
3) Окуу жайда окутууда.
2.3. Стипендиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.3.1. КР БИМ тарабынан белгиленген мөөнөттө Стипендиаттын келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө, ошондой эле ден соолугунун абалы, окуудагы жетишкендиктери, ата-энеси, жашаган жери, байланыш маалыматтары жөнүндө анык маалыматтарды гана берүүгө.
2.3.2. Виза алуу үчүн документтерди өз алдынча тариздөөгө.
2.3.3. Окуу башталган күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде окуп жаткан өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине каттоого турууга.
2.3.4. Сабактарга катышууга, окуу жай белгилеген мөөнөттөрдө тапшырмалардын бардык түрлөрүн аткарууга, зачетторду, экзамендерди жана окуу планында каралган контролдоонун башка түрлөрүн өз убагында тапшырууга, окуу жай тарабынан белгиленген ар бир орто аралык окуу мезгилинин (семестрдин, триместрдин же окуу жылынын) жыйынтыгы боюнча окуу процессинде академиялык жетишкендиктерди камсыз кылууга.
2.3.5. Окуу жайдын күндүзгү бөлүмүндө адистиги, билим берүү программасы боюнча окуу планына ылайык толук окутуу курсунан өтүүгө жана өз убагында аяктоого, ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн даражага ээ болууга. Бекитилген окуу планында белгиленген мөөнөттө диссертацияны жактоого.
2.3.6. Кыргыз Республикасынын жана келген өлкөнүн мыйзамдарын, жалпы кабыл алган жүрүм-турум жана моралдык ченемдерди, ошондой эле Окуу жай тарабынан белгиленген эрежелерди жана талаптарды бузбоого.
2.3.7. Окуу жайдын профессордук-окутуучулук, окутуучу-көмөкчү жана башка персоналына, КР БИМ кызматкерлерине жана башка окуучуларга сый-урмат көрсөтүүгө, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбөөгө.
2.3.8. Өзүнүн иш-аракеттери менен Окуу жайга, КР БИМге, үчүнчү жактарга материалдык зыян келтирген учурда келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын же келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз эсебинен өз убагында төлөп берүүгө.
2.3.9. Окутуунун толук курсун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына келген күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде КР БИМге төмөнкүлөрдү берүүгө: окууну аяктоо жөнүндө арызды; ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн программа боюнча магистр, PhD доктору даражасын ыйгаруу жөнүндө документтин мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолорун, диссертациялык/дипломдук иштин баасын көрсөтүү менен жыйынтыктоочу, жалпы окуу мезгили үчүн транскриптти; диссертациялык/дипломдук иштин электрондук версиясын. Көрсөтүлгөн документтерди Окуу жайда берүүнүн белгиленген шарттары боюнча берүү мүмкүн болбогон учурда өз убагында берилбегендигинин себептерин жана тиешелүү документ Окуу жайдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу каты менен бериле турган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды
КР БИМге берүү зарыл.
2.3.10. Фамилиясы, келген өлкөдө жана Кыргыз Республикасында өзүнүн байланыш маалыматтары (жашаган жеринин дареги, телефон номерлери (үй, мобилдик), электрондук дареги) өзгөргөн учурда бул тууралуу 10 (он) календардык күндүн ичинде
КР БИМге маалымдоого.
2.3.11. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууну кыйындаткан жагдайлар пайда болгон учурда тиешелүү жагдайлар пайда болгон учурдан тартып 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде ушул Келишимдин шарттарын аткаруунун мүмкүн эместиги жөнүндө КР БИМге жазуу жүзүндө расмий түрдө маалымдоого.
2.4. Стипендиат төмөнкүлөргө укуктуу:
2.4.1. КР БИМден ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга.
2.4.2. Республикалык комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн КР БИМге арыз берүүгө.
2.4.3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 25-пунктуна ылайык өз каалоосу боюнча эмгек ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кадрлар резервине жана региондук кадрлар резервине киргизүү үчүн Республикалык комиссия тарабынан сунушталууга.
2.5. КР ФМ төмөнкүгө милдеттүү:
2.5.1. Эл аралык стипендия ыйгарылган күндөн тартып Стипендиатты окутууну уюштурууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды Эрежелердин негизинде жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде төлөөгө.
2.6. КР ФМ төмөнкүгө укуктуу:
2.6.1. Ушул Келишим боюнча Стипендиат тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда Республикалык комиссиянын Стипендиатты эл аралык стипендиядан ажыратуу, стипендия ыйгарылган күндөн тартып сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу же ордун толтуруудан бошотуу жөнүндө чечимине ылайык Стипендиатты каржылоону токтотууга.
3. КЕЛИШИМДИН ЖАЛПЫ СУММАСЫ ЖАНА ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ
3.1. Ушул Келишимдин жалпы суммасы_____________ жыл үчүн _________________________________(__________________________________________________________________________________________________________________________________) долларды түзөт.
3.2. Макулдашуу болгон учурда КР ФМ тиешелүү макулдашууда каралган стипендияны Окуу жайдын эсебине төлөөнү ишке ашырат.
3.3. КР ФМ тарабынан ушул Келишим боюнча төлөмдөр академиялык окуудан өткөн мезгилдер үчүн гана жүргүзүлөт.
4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
4.1. Республикалык комиссия эл аралык стипендиядан ажыратууга алып келген ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган же Стипендиат эл аралык стипендиядан баш тарткан учурда чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө чечимди кабыл алууда Стипендиат милдеттүү түрдө чыгымдардын суммасын толугу менен төлөйт.
4.2. Стипендиат иш жүзүндө кеткен чыгымдарды акыркы белгилүү болгон жашаган жеринин дарегине КР ФМ тарабынан жиберилген тиешелүү талапты алган күндөн тартып 30 (отуз) банктык күндүн ичинде төлөөгө милдеттенет. Төлөөнүн башка мөөнөттөрү Тараптар тарабынан ордун толтуруу жөнүндө тиешелүү келишимге кол коюу менен сүйлөшүлөт.
4.3. Ушул Келишимдин 6-бөлүмүнө ылайык ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында ушул Келишим бузулган учурда Стипендиат Республикалык комиссиянын чечиминин негизинде ушул Келишим боюнча чыгымдардын ордун толтуруудан бошотулат.
4.4. КР ФМ ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн, эгерде мындай аткарбоо экинчи тараптын аракеттеринин натыйжасында келип чыккан болсо, жоопкерчилик тартпайт.
4.5. Ушул Келишимде каралбаган башка учурларда Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар жарандык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. КЕЛИШИМДИ БУЗУУНУН ШАРТТАРЫ
5.1. Стипендиат ушул Келишимдин 5.2-пунктуна ылайык эл аралык стипендиядан баш тартууда ушул Келишим бузулган учурда КР БИМ дарегине бузуу үчүн негиздерди ырастаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. Билдирүү почта аркылуу жиберүүнү дарек ээси алгандыгы жөнүндө билдирүү менен заказдык почта жиберүүсү түрүндө жиберилет.
5.2. Бул келишим Стипендиат иш жүзүндө кеткен чыгымдарды төлөгөн күндөн тартып ушул Келишимдин 5-бөлүмүнө ылайык бузулду деп эсептелет. КР ФМ иш жүзүндө кеткен чыгымдар жок болсо же ушул Келишимдин 7-бөлүмүндө каралган учурларда ушул Келишим боюнча каражаттардын ордун толтуруудан бошотулса, бул Келишим Республикалык комиссия тарабынан Стипендиатты эл аралык стипендиядан ажыратуу же Стипендиаттын баш тартуусу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) календардык күн өткөндөн кийин бузулду деп эсептелет.
6. АЛ ЖЕТКИС КҮЧТҮН ЖАГДАЙЛАРЫ
6.1. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн, эгерде мындай аткарбоо ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасынан келип чыкса, жоопкерчиликтен бошотулат. Мындай окуялар болуп тактап айтканда, төмөнкүлөр саналат: өрт, суу ташкыны, жер титирөө, аскердик аракеттер, блокадалар, Стипендиаттын медициналык-социалдык экспертизанын тиешелүү маалымкаты менен ырасталган катуу оорусу, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, мамлекеттик органдардын актыларын чыгаруу жана башка жагдайлар, эгерде Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна түздөн-түз таасир этсе жана Тараптар мындай таасирлерге каршылык көрсөтө албаса, учурдагы кырдаалда колдонулушу мүмкүн болгон бардык чараларды жана аракеттерди көргөн шартта.
6.2. Ал жеткис күчтүн жагдайлары болгондугун айткан Тарап төмөнкүлөргө милдеттүү:
6.2.1. Ал жеткис күчтүн жагдайы пайда болгон учурдан тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде мындай жагдайлардын болгондугу жөнүндө башка Тараптарга жазуу жүзүндө билдирүүгө. Билдирүүдө жагдайлардын мүнөзү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүмкүн болушунча Тараптардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүнө тийгизген таасиринин баалоосу камтылууга тийиш.
6.2.2. Көрсөтүлгөн жагдайлар токтогондон кийин бул жөнүндө башка Тараптарга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирүүгө тийиш. Мында ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу болжолдонгон мөөнөт көрсөтүлүшү керек. Эгерде билдирүү жиберилбесе же өз убагында жиберилбесе, анда билдирүү жиберилбегенден же өз убагында жиберилбегенден келтирилген зыяндын ордун аларды пайда кылган Тарап толтурууга милдеттүү.
6.3. Ал жеткис күчтүн жагдайдын аракети жөнүндө билдирүүлөрдү түзүү же билдирүү мөөнөттөрү жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн шарттар сакталбаган учурда Тараптар эч кандай жагдайлар ал жеткис күчтүн жагдайы катары каралбайт жана Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелери алынып салынбайт же кандайдыр бир жол менен чектелбейт деп макулдашты.
6.4. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайлар, ошондой эле ушул жагдайлардан улам келип чыккан кесепеттер күчкө ээ болгон убакытка жараша жылдырылат. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары 2 (эки) айдан ашык убакытка созулса, кайсы Тарап болбосун ушул Келишимдин шарттарына ылайык башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү менен сотко кайрылбастан ушул Келишимди бузууга укуктуу.
7. БАШКА ШАРТТАР
7.1. Бул Келишим Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптар бардык милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.
7.2. Бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жарандык мыйзамдарында белгиленген шарттарды сактоо менен Тараптар кошумча макулдашууларга кол коюу аркылуу өз ара макулдугу боюнча гана киргизилиши мүмкүн.
7.3. Бул Келишим Стипендиат каза болгон учурда аракетин токтотот.
7.4. Ушул Келишимден макулдашуучу Тараптардын ортосунда же ага байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш.
7.5. Сүйлөшүү жолу менен макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон учурда, биринчи сүйлөшүүлөр башталган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде талаш-тартыштар жарандык сот өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралууга тийиш.
7.6. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
7.7. Бул Келишим ар бир тарапка бирден 4 (төрт) нускада түзүлдү.
7.8. Келишим келишимдик жагдайлар өзгөрүлбөгөн учурда андан ары мөөнөтүн узартуу менен бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. ТАРАПТАРДЫН ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Стипендиат
Стипендиаттын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр)
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров