КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-июлундагы № 316 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплексин “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине убактылуу бекер пайдаланууга берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 348, 610-622-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы аянты 11,029 га жер тилкесинде жайгашкан мүлктүк комплексин 5 кыймылсыз мүлкү менен (мындан ары - объект) “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө убактылуу бекер пайдаланууга өткөрүп беришсин;

- “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмеси менен объектти ээликтен ажыратуу жана үчүнчү жакка өткөрүп берүү укугусуз убактылуу бекер пайдалануу келишимин (мындан ары - Келишим) төмөнкүдөй негизги шарттарды кароо менен түзүшсүн;

 а) объектини максаттуу багытталышы боюнча гана колдонуу жана аны талаптагыдай абалда кармоо;

объектини өткөрүп берген учурдан тартып 2 жылдын ичинде капиталдык оңдоо жана аны жыл бою иштөөгө өткөрүү;

объектини өткөрүп берген учурдан тартып 5 жылдын ичинде Эл аралык олимпиадалык комитеттин талаптарына жооп берген спорттук объекттерди куруу жана спорттук-калыбына келтирүү борборун түзүү;

объектини пайдалануу убагында мүлктү пайдалануу менен байланышкан коммуналдык, эксплуатациялык чыгымдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды төлөө;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке түрдүү иш-чараларды уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчулары үчүн окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү боюнча кызматтарды бекер көрсөтүү;

келишимдин мөөнөтү аяктаганда объектиде жүргүзүлгөн бардык бөлүнүүчү жана бөлүнгүс жакшыртууларын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин өткөрүп  берилүүчү объектте мурункудай шарттарда ишке орноштуруу.

б) тараптардын биринин демилгеси же тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине, анын подрядчыларына жана башка жактарга курулушка кеткен чыгымдар, ошондой эле бөлүнүүчү жана бөлүнгүс жакшыртуулардын наркы мамлекет тарабынан кайтарылып берилбей тургандыгы белгиленсин;

       -  ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                              М.Д. Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу