Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюуну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте:
1) Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин бүткүл бажы аймагында убактылуу тыюуну киргизүү жөнүндө сунушту Евразия экономикалык комиссиясынын кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев