КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 токтому

Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

             - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-  жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 20-пунктундагы «194» жана «2035» деген цифралар тиешелүү түрдө «199» жана «2030» деген цифраларга алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте 2018-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө жобонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна аны өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  М.Д. Абылгазиев