КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №429 токтому

Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколунун X бөлүмүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды Евразиялык экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразиялык экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын
 21-апрелиндеги № 30 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” чечиминин 14-тиркемеси) ылайык бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун негизинде бир тараптуу тартипте баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 0, 7111 00 000 0 товардык позицияларына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга 500 кг ашык эмес көлөмдө алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө арыздарын кароодо жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти мамлекеттик контролду ишке ашырууда ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген сандык чектөөлөрдү так сактасын.    

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-сентябрындагы № 558 “Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 335 “Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                 А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу