Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
– 29-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө.»;
– 544-пунктунда:
экинчи жана бешинчи абзацтары «мыйзамдардын» деген сөздөн мурда «эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«– эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору – 3 жумуш күн;»;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«– эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору – 5 жумуш күн;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 5411-пункт менен толукталсын:
«5411. Министрликтер, административдик ведомстволор жана компетенциясына мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө эл аралык келишимдерди кошпогондо, мындай эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштарды кол коюлган же эл аралык конференцияларда добуш берүү аркылуу кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.
Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуш кол коюлган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров