КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы № 284 токтому

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жайгашкан жерлерди “Түштүк - Кыргыз цемент”  жабык акционердик коомуна мөөнөттүү (убактылуу)   пайдаланууга берүү жөнүндө

Цементти ата мекендик өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 7 жана 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы № 16 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2016-жылдын 9-февралындагы № 03/176 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун  Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы цемент заводу жайгашкан, “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына кирген аянты  29,26 га жер участогу “Түштүк-Кыргыз цемент” жабык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы:

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун  1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна “Түштүк-Кыргыз цемент” жабык акционердик коому менен ижара келишимин түзүүнү.

3. “Түштүк-Кыргыз цемент” жабык акционердик коомуна төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:

 - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоо;

- жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоо.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси              жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                             М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу