Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 1–34-тиркемелерге ылайык;
2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 35-тиркемеге ылайык.
3. Кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
5) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери 36-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров