КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №433 токтому

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;

4) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;

5) календардык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо, шаардык кеңештин чечими тарабынан бекитилген өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына белгилөөгө укуктуу деп белгиленсин.

5. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду эске алуу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каралган үстөктөрдү жана төлөмдөрдү кайра карап чыксын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери   4-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин  аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                               А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу