Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297 жана 353-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297, 353-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы 1-тиркемеге ылайык;
2) лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 “Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларына деталдуу талдоо жүргүзсүн жана 2022-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү сунуш киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
30-декабрындагы № 736 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 577 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 542 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
1-тиркеме
Пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы
№ | Пайдалуу кендер | Запастар, ресурстар | Кен чыккан жерлердин изилденгенине, баалуулугуна жана масштабына жараша бонустардын ставкалары (АКШ долл.) | |
өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кен чыккан жерлер (запастардын категориясы А+В+С1+С2+бс/з) | пайдалуу кендердин алдын ала бааланган кен чыккан жерлери жана көрүнүштөрү (С2 запастарынын жана P1 болжолдуу ресурстарынын категориясы) | |||
1 | Мунай (казып алынуучу запастар) | 1 млн т | 100000 | 5000 |
2 | Күйүүчү газдар | 1 млн куб. м | 30 | 2 |
3 | Таш көмүр | 1 млн т | 2000 | 200 |
4 | Күрөң көмүр | 1 млн т | 1000 | 100 |
5 | Темир рудасы | 10 млн т | 10000 | 100 |
6 | Марганец | 1 млн т | 2000 | 20 |
7 | Алюминий (Al2O3) | 1 млн т | 1000 | 10 |
8 | Жез, коргошун, цинк, мышьяк | 1 миң т | 1000 | 10 |
9 | Сейрек металлдар: калай, вольфрам (WO3), сурьма, сымап, молибден, бериллий (BeO), тантал (Ta2O5), ниобий (Nb2O5), ванадий (V2O5), висмут | 1 миң т | 3000 | 30 |
10 | Сейрек кендер (ETR) | 1 миң т | 4000 | 40 |
11 | Уюган алтын жана платиноиддер | 1 т | 60000 | 1000 |
12 | Чачыранды алтындар | 1 т | 40000 | 1000 |
13 | Күмүш | 1 т | 1000 | 10 |
14 | Уран | 1 миң т | 10000 | 100 |
15 | Магнетит (күкүм түрүндөгү) | 1 млн т | 1000 | 10 |
16 | Цирконий (ZrO), стронций (SrO), флюорит | 1 миң т | 100 | 10 |
17 | Кремний сырьесу: | |||
- кварц; | 1 миң т | 300 | 100 | |
- кварциттер | 1 млн т | 10000 | 2000 | |
18 | Зергердик таштар | 1000 карат | 1000 | 100 |
19 | Зергердик-жасалгалоочу таштар | 1000 карат | 200 | 20 |
20 | Жасалгалоочу таштар | 1 куб. м | 50 | 10 |
21 | Агрохимиялык сырье: фосфориттер апатит (P2O5), глауконит | 1 млн т | 10000 | 100 |
22 | Табигый минералдык туздар (галит, тенардит, глауберит ж.б.) | 1 млн т | 2500 | 500 |
23 | Фарфордук таш, волластонит | 1 млн т | 5000 | 1000 |
24 | Цементтик сырье: | |||
- акиташтар, доломиттер, мергелдер; | 1 млн т | 1000 | 200 | |
- чополуу заттар (чополор, топурактар, чополуу сланецтер) | 1 млн т | 500 | 100 | |
- минералдык кошулмалар (гипс, глиеждер ж.б.) | 1 млн т | 500 | 100 | |
25 | Кирпич жана керамзит сырьелеору (чополор, топурактар, чополуу сланецтер, кум) | 1 млн т | 600 | 200 |
26 | Кум-шагылдуу аралашмалар | 1 млн куб. м | 5000 | 1000 |
27 | Курулуш кумдары | 1 млн куб. м | 8000 | 800 |
28 | Кварц кумдары | 1 млн т | 10000 | 2000 |
29 | Каолин, отко чыдамдуу жана бентониттик чополор | 1 млн т | 8000 | 1000 |
30 | Аки өндүрүү үчүн акиташтар, курулуш гипси | 1 млн т | 1000 | 200 |
31 | Курулуш ташы | 1 млн т | 1000 | 100 |
32 | Табигый беттөөчү таш | 1 млн т | 25000 | 5000 |
33 | Петролургиялык сырье (базальт, диабаз ж.б.) | 1 млн т | 10000 | 2000 |
34 | Графит | 1 млн т | 40000 | 4000 |
35 | Барит | 1 млн т | 20000 | 2000 |
36 | Табигый күкүрт жана күкүрт колчеданы (S) | 1 млн т | 10000 | 1000 |
37 | Магнезит, тальк, пирофилит | 1 миң т | 100 | 10 |
38 | Жер астындагы ичүүчү суулар | 1000 куб. м/сут. | 13000 | 6500 |
39 | Минералдык суулар | 100 куб. м/сут | 8000 | 4000 |
40 | Термалдык суулар | 100 куб. м/сут | 8000 | 4000 |
41 | Термалдык минералдык суулар | 100 куб. м/сут | 8000 | 4000 |
Эскертүү: пайдалуу кендердин запастары изилденүү даражасы боюнча A, B, C1 жана C2 категорияларына бөлүнөт. Мындан тышкары баланстан сырткары запастар жана P1 категориясындагы болжолдуу ресурстар бөлүнөт.
A, B, C1 категорияларындагы запастар кен ишканасын долбоорлоого жана курууга негиз болот.
C2 категориясындагы запастар чалгындалган кен чыккан жерлер үчүн долбоорлоодо толук эмес жана толук эске алынат жана кен чыккан жердин резерви болот.
Баланстан сырткары запастар (бс/з) - A, B, C1 жана C2 категориялары боюнча чалгындалган, кен ишканасын долбоорлоо стадиясында аларды пайдалануу экономикалык жана техникалык себептер боюнча максатка ылайыксыз болгон запастар. Долбоорлоодо эске алынат жана минералдык сырьего болгон баа, кен чыккан жерлерди иштетүүнүн кен-техникалык шарттары өзгөргөн учурда жана башка себептер боюнча пайдаланылышы мүмкүн.
P1 категориясындагы болжолдуу ресурстар зарыл болгон геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдөн кийин өнөр жайлык запастардын табылуу мүмкүндүгүн көрсөтөт.
2-тиркеме
Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы
№ | Пайдалуу кендер | Өлчөө бирдиги | Бонустун ставкалары (АКШ долл.) |
1 | Мунай жана газ | кв. км | 10 |
2 | Көмүр | кв. км | 500 |
3 | Металлдык пайдалуу кендер | кв. км | 25 |
4 | Алтын жана платиналык күкүм тобундагы металлдар | кв. км | 100 |
5 | Зергердик жана зергердик-жасалгалоочу таштар | кв. км | 20 |
6 | Жасалгалоочу таштар | кв. км | 20 |
7 | Табигый беттөөчү таш | кв. км | 500 |
8 | Рудалык эмес пайдалуу кендер | кв. км | 1000 |
Эскертүү: классификациялык таблицада белгиленген пайдалуу кендердин эки же андан көп түрүн геологиялык изилдөө аянтын лицензиялоодо бонус көрсөтүлгөн аянттын өлчөмүнө жараша пайдалуу кендин ар бир түрү боюнча алынат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров