КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому

Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

          Кыргыз Республикасында жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана регламенттөө максатында, «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

       Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев