КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 309 токтому

Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин уставына тиешелүү меморандумду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин уставына мамлекеттик тилде тиркелген тиешелүү меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                              М.Д. Абылгазиев


 

Тиркемелер

Басып чыгаруу