КР Министрлер Кабинетинин 12.08.22 ж. №460 токтому

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл аймагында цемент өндүрүү боюнча завод куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин
 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын
 30-майындагы № 156-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022-жылдын 7-июнундагы
 № 02-6а-163 жана 2022-жылдын 15-июнундагы № 1292/01-48 АД корутундуларын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл аймагынын № 30 контурунда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 26,0 га сугат айдоо жерлери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына цемент өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну; 

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн чыгымдарынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөп берүүнү; 

– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну. 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                      А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу