Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында индустриалдык-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 18-октябрындагы № 03/1194 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-августундагы № 18-т тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы № 232 контурда жайгашкан Султанмуратова Гулира Абаскановнанын жана Толонова Роза Эрмекбаевнанын жеке менчигинде турган 8,0 га сугат айдоо жери индустриалдык-логистикалык борборду жайгаштыруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров