КР Министрлер Кабинетинин 12.08.22 ж. №451 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктундагы “Назарбаева Умсундун жана Маркабаев Алтынбектин” деген сөздөр “Назарбекова Умсун Умаровнанын жана Маркабаев Алтынбек Эрмековичтин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу