Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
– “Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында” III бөлүмү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 88-глава менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Тиркеме
88. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин берүү “Мекен-карта” – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 102-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары – чет өлкөлүк мекемелер). Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган. Калкты каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздаган мамлекеттик орган (мындан ары – калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган), анын ведомстволук бөлүнүштөрү, анын ичинде аймактык органдары жана калкты тейлөө борборлору |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | – мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына турган чет өлкөлүк жарандар; – алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар; – алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар; – Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери. Эскертүү: 18 жашка чыга элек адам “Мекен-карта” чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин алган (алмаштырган) учурда, өтүнүч анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилет жана кол коюлат |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | – “Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин “Мекен-карта” документи |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүүнү берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: – белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; – бардык адамдар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) кирүүгө тоскоолдук жок болгондо, объекттер пандус, кармоочтор менен жабдылган; – жандуу кезек күтүү тартибинде. Жайлар күтүүчү орундар, даараткана, жылуулук, суу түтүгү, телефон менен камсыздалган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү сатып алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | – документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 45 мүнөттөн ашык эмес; – материалдарды кароонун мөөнөтү – 99 календардык күнгө чейин; – материалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароо мөөнөтү – 54 календардык күнгө чейин; – “Мекен-карта” даярдоонун мөөнөтү – 5 жумуш күнгө чейин; – кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн чектелүү убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтыруу-га жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан, анын ведомстволук бөлүнүштөрүнөн, анын ичинде региондор аралык бөлүмдөрдөн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринен алууга болот: – жеке кайрылуу аркылуу; – калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын: digital.gov.kg, миграция жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган мамлекеттик органдын: ssm.gov.kg расмий сайттарынан; – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; – региондор аралык бөлүмдө же калкты тейлөө борборунда керектөөчү (алардын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жеке кайрылган учурда; – оозеки түрдө (Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын телефон аркылуу тейлөө борборунан 119 номерине телефон чалууда (Колл-борбор), жекече жолугушууда). Жарандар алар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат менен кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүүлүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: – ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); – калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (digital.gov.kg); – миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырган мамлекеттик органдын расмий сайты; – тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.mfa.gov.kg); – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); – жеке кайрылуу жана телефондук байланыштар; – маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн иш режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (digital.gov.kg) жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин даректери, телефон номерлери жана иш режими тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын расмий сайтында www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда, анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу жана принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн пикир алышуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: – автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу таризделген өтүнүч кат; – чет өлкөлүк жарандын паспорту; – чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат; – Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтар (аймактык бөлүмдүн, КТБнын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу талап кылынат); – “Мекен-карталарды” тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастаган квитанция; – мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция; – консулдук жыйымдардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берилген учурда). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан турган чет өлкөлүк жарандар үчүн: – Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондугун күбөлөндүргөн документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат); 2) мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына мурда турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн, алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына баштапкы таандыктыгына карабастан: – туугандык байланышты ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер); – мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондугун күбөлөндүргөн документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат); 3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына алардын баштапкы таандык экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: – туугандык байланышты ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгү фактысын ырастаган документтер); – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) жана анын көчүрмөсү; 4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн: – Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү; – Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөнүн жарандардын балдары жана неберелери үчүн туугандык байланышын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, же болбосо туулгандыгы тууралуу документ). Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте чет өлкөнүн жарандыгы бар деш статусун ыйгаруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси: – автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу таризделген өтүнүч кат; – чет өлкөлүк жарандын паспорту; – чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат; – “Мекен-картаны” тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастаган квитанция; – мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция; – консулдук жыйымдардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берилген учурда). Чет өлкөнүн жарандыгы бар менен мекендеш статусун ыйгаруу үчүн чет мамлекеттин аймагында таризделген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легализацияланууга же белгиленген тартипте апостиль коюлууга тийиш. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Котормонун тууралыгы жана котормочунун койгон колунун тууралыгы нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде чет өлкөлүк жарандардын ким экендигин жана жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтеринин жарактуулук мөөнөтүнө 6 айдан аз болсо, өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт. Идентификациялык жеке номердин болушу чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери жок болгон учурда, аймактык бөлүк, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялык жеке номерди ыйгарат. Өтүнүч жазуу учурунда арыз ээсинин кагаз же электрондук колтамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ түрүндө өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кызматкер тарабынан төмөнкүлөр жасалат: – арыз ээси тарабынан автоматташтырылган маалымат системага киргизүү үчүн берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө (документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылышы керек); – өтүнүчтө келтирилген маалыматтардын тууралыгын арыз ээсинен тактоо. Аракетке жөндөмсүз деп белгиленген тартипте таанылган адамдардан тышкары, арыз ээсинин электрондук кол тамгасын алуу үчүн атайын аспапты колдонуу менен өтүнүчкө кол койдурат. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги адамдын өз колу менен кол тамга коюусуна мүмкүндүк бербесе, кол тамганын ордуна кызматкер сызыкча коёт; – арыз ээсинин жүзүн сүрөткө тартуу; – биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн эки колунун (16 жашка чейинки адамдардан тышкары) папиллярдык сүрөттөрүн сканерлөө. Электрондук түрдө таризделген өтүнүч арыз ээсинин материалдарына жалпылоо үчүн басылып чыгарылат. Берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз берүүчүнүн өздүк ишине тиркелет. Кабыл алуу аяктагандан кийин аймактык бөлүктүн, КТБ же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери арыз берүүчүгө документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алымдын ставкаларынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилет. Консулдук кызматтарды көрсөтүүгө каражаттардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештерге “Мекен-карта” документин кабыл алуу, тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн алынуучу тарифтердин өлчөмдөрү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин чет өлкөлүк мекемелерде кабыл алуу, тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн алынуучу тарифтердин өлчөмдөрү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: – кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; – жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; – жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; – кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; – мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасында консультация берүүсү; – акыркы жыйынтыгы (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш келүүсү; – жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн электрондук форматта берилиши | Кызмат электрондук форматта жарым-жартылай “Мекен-карта” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат көрсөтүүлөр Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта – portal.tunduk.kg ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүлөрдү алууга электрондук өтүнмөнү жиберүү үчүн арыз ээси Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилбеген учурда, ошондой эле “Чет өлкөлүк грждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясынын негизинде жүзөгө ашырылат |
17 | Даттануунун тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө тышкы саясат чөйрөсүндөгү же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (өтүнүч берилген жерге жараша) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине же сотко кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасы жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну Даттануулар жана дооматтар тышкы саясат чөйрөсүндөгү же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (өтүнүч берилген жерге жараша) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 календардык күндөн ашпоосу зарыл Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда, керектөөчү тышкы саясат чөйрөсүндөгү же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (өтүнүч берилген жерге жараша) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
”.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров