Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө
Жер казынасын пайдалануунун укуктук жөнгө салынышын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 31-главасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары
2-тиркемеге ылайык;
3) пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары
3-тиркемеге ылайык;
4) пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары
4-тиркемеге ылайык.
2. Лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларынын өлчөмдөрүн аныктоо үчүн мөөнөттү эсептөө лицензиянын алгачкы берилген күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 185 «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкаларын жана жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
1-тиркеме
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби
- Жалпы жоболор
1. Бул Тартип жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү шарттарын аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын колдонулушун калыбына келтирүү – «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында же сот органынын чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотууну (жокко чыгарууну) жараксыз деп таануунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна мурда жокко чыгарылган лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү боюнча жол-жобо;
2) төлөөчү – жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана аны пайдаланган юридикалык же жеке жак;
3) жер казынасын пайдаланууга лицензияларды кармоо үчүн жыйым (мындан ары – жыйым) – жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси (төлөөчү) төлөй турган салым;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө – жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдын суммасын эсептөө жана/же кайра эсептөө;
5) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны пайдалануу – жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ээ болуу жана аны пайдалануу, ошондой эле техногендик пайда болуулардан кен казып алуу боюнча иштер, анын ичинде техникалык документтерди түзүү, ал боюнча экспертиза жүргүзүү, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын коргоо бөлүгүндө эксперттик корутундуну алуу, жерге укуктардын ээсинен макулдук алуу же бөлүнгөн жерди алуу жана жер казынасынын белгилүү бир участокторун пайдалануу мезгили;
6) ал жеткис күч жагдайы (форс-мажор) – жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же курчоонун, согуштун, иш таштоонун жана алдын ала көрүүгө же болтурбай коюуга мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон, бирок токтотуп калууга мүмкүн эмес башка жагдайлардын натыйжасында келип чыгуучу өзгөчө жана токтотуу мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу.
- Жыйымдын негиздери
3. Жыйым Кыргыз Республикасында пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш.
4. Жыйымды төлөө объекти болуп пайдалуу кендердин белгилүү бир түрлөрү боюнча лицензиялык аянттын чегинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны пайдалануу саналат.
- Жыйымды эсептөө жана кайра эсептөө тартиби
5. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө жана/же чалгындоодо жана/же иштетүүдө жыйымды эсептөө базасы болуп лицензиялык аянттын өлчөмү саналат.
6. Иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууда долбоордук кубаттуулукка жеткенден кийин, лицензиялык макулдашуу менен белгиленген пайдалуу кенди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайызга аткарылган шартта жыйымдар төлөнбөйт.
7. Жыйымды эсептөө төлөөчү тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнө, пайдалуу кендердин түрү боюнча ставкага, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын берүү датасына жана жер казынасын пайдалануунун мезгилине ылайык өз алдынча жүргүзүлөт. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө (долбоорлоо баскычында) жыйымды эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» колдонуудагы токтомунун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (иштерди жүргүзүү баскычында) жыйымдарды эсептөө жогоруда аталган колдонуудагы токтомдун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
8. Жыйымды эсептөө лицензиялык аянт жайгашкан аймакта ар бир административдик-аймактык бирдик боюнча жүргүзүлөт.
9. Эгерде төлөөчү лицензиялык аянттардын биринде пайдалуу кендердин эки же андан көп түрүн издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү менен алектенсе, жыйымдын өлчөмү пайдалуу кендердин бир гана түрү боюнча аныкталат, анын жыйымынын өлчөмү эсептөлөрдү жүргүзүүдө пайдалуу кендердин башка түрлөрүнө карата көбүрөөк болот.
10. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны алгандан кийин төлөөчү 30 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкат берүүгө милдеттүү. Эгерде жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген мөөнөттө лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек араларын жана аянттарын аныктабаса, анда жогоруда аталган органдын айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары боюнча жооп берүүсү үчүн белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде республикалык бюджетке төлөнөт.
11. Төлөөчү жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатын алгандан кийин 15 календардык күндүн ичинде лицензиялык аянттар жайгашкан орду боюнча аймактык салык органында эсептик каттоодон өтүүгө, жыйымдын эсебин жүргүзүүгө (4 нускада) жана төмөнкүлөргө жиберүүгө тийиш:
– бир нусканы – жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
– экинчи нусканы – тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;
– үчүнчү нусканы – салык кызматы органдарына;
– төртүнчү нуска төлөөчүдө калат.
12. Төлөөчү кийинки календардык жылдарга жыйымды эсептөөгө жана ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык тиешелүү органдарга жөнөтүүгө милдеттүү:
– пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензиялар боюнча аткарылган жумуштар жөнүндө жылдык отчет бергенден кийин – отчеттук жыл үчүн 1-марттан кечиктирбестен;
– геологиялык-издөө жумуштарына жана геологиялык чалгындоо жумуштарына лицензиялар боюнча – учурдагы жыл үчүн
1-марттан кечиктирбестен.
13. Жыйымды эсептөөдө пайдаланылган маалыматтар өзгөргөн учурда жыйымдын өлчөмү кайра эсептелүүгө тийиш, атап айтканда:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу калыбына келтирилген, колдонуу токтотулган (жокко чыгарылган);
2) лицензиялык аянттын жайгашкан жери жана/же өлчөмү өзгөргөн;
3) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия трансформацияланган;
4) ал жеткис күчтүн жагдайларында (форс-мажор);
5) жыйымды эсептөөдө, кайра эсептөөдө колдонулган маалыматтардын анык эместиги, бурмаланган фактысы белгиленген;
6) эсептөө жана/же эсептөө жүргүзүлгөн негиздер соттун чечими боюнча жараксыз деп таанылган.
14. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жандандырууда, калыбына келтирүүдө, токтотууда (жокко чыгарууда), трансформациялоодо, өткөрүп берүүдө, лицензиялык аянттын жайгашкан ордун жана/же өлчөмүн өзгөртүүдө жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып жүргүзүлөт.
15. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим белгиленген тартипте же соттун чечими боюнча анык эмес деп таанылган учурда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурга чейинки мезгил жер казынасын пайдалануу мезгили катары жыйымды эсептөөгө киргизилбейт жана ставканы аныктоого таасирин тийгизбейт.
16. Төлөөчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан баш тарткан учурда жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып, ал эми мындай чечим жок болгон учурда – төлөөчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан баш тарткандыгы жөнүндө арыз берген күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин токтотулат.
17. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотулган (жокко чыгарылган) учурда ушул Тартиптин 16-пунктунда каралган учурлардан тышкары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып эсептөө токтотулат.
18. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган учурда токтотуп туруу мезгили төлөөчүнүн өтүнмөсү боюнча ал жеткис күч жагдайына (форс-мажор) байланыштуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтогон учурлардан тышкары жер казынасын пайдалануу мезгили катары жыйымды эсептөөгө киргизилет.
19. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоодо төлөөчү жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жер казынасын пайдалануунун жаңы түрүнө лицензиянын лицензиялык аянтына жана лицензиялык аянттын трансформацияланбаган бөлүгүнө кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкаттарды берүүгө милдеттүү.
Төлөөчү ушул Тартипте белгиленген жер казынасын пайдалануунун жаңы түрүнө берилген лицензия боюнча эсептөөдөн чыгарылган лицензиялык аянттын жыйымын эске алуу менен трансформацияланбаган лицензия боюнча жыйымды кайра эсептөөгө тийиш.
20. Лицензиялык аянттын жайгашкан орду жана/же өлчөмү өзгөргөн учурда төлөөчү кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык кайра эсептөөнү өз алдынча жүргүзүшү керек.
Лицензиялык аянттын өлчөмү өзгөрүлгөндө, эсептелген жыйым жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензиялык аянттын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу арыз берген күндөн тартып жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оң чечим кабыл алган учурда кайра эсептелүүгө тийиш.
Лицензиялык аянттын өлчөмү жана/же жайгашкан жери өзгөрүлгөндө төлөөчү ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиялык аянттарга кирген айылдык аймактардын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкатты берүүгө милдеттүү.
21. Лицензиялоонун шарттарында каралган милдеттенмелерди төлөөчү тарабынан аткарууга жолтоо болгон ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) орун алган мезгилде төлөм эсептелбейт.
Ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) болгондо төлөөчү бул тууралуу мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып
90 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Арызда ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажордун) мүнөзү, алардын канча мөөнөткө орун алганы жана жер казынасын пайдалануунун мүмкүн эместигине негиздеме көрсөтүлүшү керек.
Мындай арыз жок болсо, ал жеткис күчтүн жагдайлары
(форс-мажор) жана алардын мезгилинин узактыгы ырасталбаган болуп саналат жана жыйымдын эсебине жер казынасын пайдаланган катары киргизилет.
22. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажордун) болушу жана алардын аракетинин мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларына
(форс-мажорго) мүнөздүү болгон маселелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктары бар компетенттүү мамлекеттик органдардын расмий документтери менен ырасталышы керек. Расмий документтер ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажордун) аракеттери башталган жана аяктаган (арызды берген мезгилде мындай кырдаал аяктаган учурда) так даталарды камтууга тийиш. Төлөөчү мындай документтерди өзүнүн арызына тиркөөгө милдеттүү.
23. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ал жеткис күчтүн жагдайларын эске алуудан баш тартуу же кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.
24. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) жөнүндө төлөөчү тарабынан берилген арыз ушул Тартиптин 21 жана 22-пункттарында белгиленген талаптарга жооп бербесе, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун жүйөөсүн көрсөтүү менен жыйымды эсептөөдө мындай ал жеткис күчтүн жагдайларын (форс-мажорду) эске алуудан баш тартат. Жыйымды эсептөөдө ал жеткис күчтүн жагдайларын (форс-мажорду) эске алуудан баш тартуу жазуу жүзүндө таризделет жана 30 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн акыркы белгилүү дарегине жөнөтүлөт.
25. Төлөөчү берген эсептөөлөрдө жыйымды эсептөөдө каталар же так эместиктер табылган учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыйымдын эсебин түзөтүп оңдойт жана аны заказ кат менен төлөөчүнүн акыркы белгилүү дареги боюнча жөнөтөт же төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колуна тапшырылат.
Төлөөчү ушул Тартиптин ченемдерине ылайык жыйымдын түзөтүлгөн эсебине ылайык төлөйт.
Эгерде төлөөчү түзөтүп оңдолгон эсептөөгө макул болбосо, анда ал “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте ага даттанууга укуктуу.
26. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну узартууга өтүнмө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө каралбаса, мындай мөөнөт аяктаган күндөн тартып өтүнмө боюнча чечимди чыгаруу учуруна чейинки мезгилде лицензия анык болуп саналат жана жер казынасын пайдалануу мезгили катары жыйымдын эсебине киргизилет.
27. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жаңы төлөөчүгө өткөрүп берилген учурда жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөрүп берилгенге чейинки тартипте жана ошол эле ставка боюнча жүргүзүлөт.
- Жыйымды төлөө тартиби
28. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууда төлөөчү жыйымдын эсебин ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык жөнөткөндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануунун биринчи жылы үчүн жыйымды төлөөгө милдеттүү.
29. Кийинки жылдарга геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерине, иштеп чыгууда (долбоорлоо баскычында) лицензиялар боюнча бир жыл үчүн жыйымдын жалпы суммасы IV кварталдан тышкары кварталдар боюнча пропорциялуу бөлүштүрүлөт жана төлөөчү отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен аны төлөшү керек. IV квартал үчүн төлөө ушул жылдын акыркы айынын аягына чейин жүргүзүлөт. Жыйым төлөнгөндөн кийин төлөөчү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн 10 жумушчу күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
30. Жер казынасын жерлерди иштетүү максатында пайдаланууда (иштерди жүргүзүү баскычында) пайдалуу кенди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайыздан кем аткарылган учурда төлөөчү отчеттук жылга пайдалуу кендерди казып алуу планынын аткарылбай калган көлөмүнө пропорциялуу суммада жыйымды учурдагы жылдын 1-мартынан кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү.
31. Эгерде жыйымды кайра эсептөөдөн кийин ашыкча төлөнгөндүгү аныкталса, анда ашыкча төлөнгөн сумма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана аймактык салык органы тарабынан мындай төлөөчүнүн кийинки жылына чегерилет же анын арызы боюнча төлөөчүгө кайтарылып берилет.
32. Өзүнүн дарегин алмаштырган жана бул тууралуу тийиштүү ыйгарым укуктуу салык органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына билдирбеген төлөөчү жер казынасын пайдалануу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жыйымды өз убагында төлөбөгөндүгүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине төлөнөт. Мында, эгерде лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктердин аймагында жайгашса, жыйым тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аянтка пропорциялуу ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине төлөнөт.
34. Эгерде лицензиялык аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда мындай лицензиялык аянт боюнча жыйымдар республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
Ушул пункттун ченемдери аймагында лицензиялык аянттар жайгашкан жер участокторунун менчигинин түрүнө карабастан колдонулат.
35. Лицензиялык аянттар жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү жыйым боюнча өздүк эсебинин карточкасын ачат. Өздүк эсебинин карточкасында жыйымдын эсептелген суммасы жана казыналыктын аймактык органынын көчүрмөсүнүн негизинде иш жүзүндө төлөнгөн сумма чагылдырылат, ал маалымат ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтүлөт.
- Жыйым боюнча карызды өндүрүп алуунун тартиби
36. Төлөм толук же жарым жартылай төлөнбөсө жана/же төлөмдү төлөө мөөнөттөрү бузулса, тийиштүү аймактык салык органы төлөм милдеттенмесин төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоону төлөөчүгө, ал эми жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоонун көчүрмөсүн жөнөтүүгө милдеттүү.
37. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймактык салык органынан төлөм милдеттенмесин төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоонун көчүрмөсүн алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп турат. Мында чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечимден көчүрмөнү токтотуп туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жокко чыгаруу тууралуу эскертүүнү берүү менен тийиштүү аймактык салык органына жөнөтөт.
Төлөм лицензия токтотулган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
38. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотуп туруу мөөнөтүнүн ичинде төлөөчү тарабынан төлөм милдеттенмеси төлөнбөсө, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотууга алып келген себептер белгиленген мөөнөттө жоюлбагандыгынын негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотот (жокко чыгарат).
39. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны токтотуу (жокко чыгаруу) жыйымды жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки мезгил үчүн төлөөдөн бошотууга негиз болуп саналбайт.
40. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу токтотулган (жокко чыгарылган) учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечимден көчүрмөнү тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана аймактык салык органына жөнөтөт.
41. Жыйым боюнча карыз болгон учурда аймактык салык органы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечимден көчүрмөнү алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жыйым боюнча карыздын суммасын төлөөчүдөн мажбурлап өндүрүү үчүн материалдарды сотко жөнөтүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров