Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы №324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графигинин “3-этап” жана “4-этап” деген главалары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев