КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 токтому

Чет өлкөлүк жарандарга Санариптик көчмөн (Digital nomad) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө

“Санариптик көчмөндөр” (“Digital nomad”) заманбап креативдүү адамдардын категориясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасына  маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

– 2022-жылдын 12-июлунан 2023-жылдын 31-декабрына чейин чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”)    статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары –пилоттук долбоор) жүргүзсүн;

– пилоттук долбоордун ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте кызыкдар тараптардын арасында пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн; 

– пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча маселелерди мамлекеттик санариптик платформа аркылуу туруктуу негизде жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин. 

2. Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “ЖААК” авторизацияланган маалыматтык системасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан чет мамлекеттердин жарандарына –  “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусунун ээлерине идентификациялык жеке номерлерди (ИЖН) ыйгарууну камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын киргизүү боюнча координациялоочу орган катары бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу жобону техникалык ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына финансылык-кредиттик мекемелердин арасында пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүү сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                              А.У. Жапаров


тиркеме


Тиркемелер

Басып чыгаруу