КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтому

Виза жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 13-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети  токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:

– 20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

– 24-пунктунун 111-пунктчасында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 15-мартындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускамада:

– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү, анын ичинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;

– 4-пунктунда:

экинчи абзац «(мындан ары – ККД)» деген сөздөрдөн кийин
 «же ТИМдин Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары – ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү)» деген сөздөр менен толукталсын; 

он төртүнчү абзацындагы «, алар болбогон учурда башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү» деген сөздөр алып салынсын;

– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Визалар төмөнкүдөй категорияларга жана типтерге бөлүнөт:

– дипломатиялык виза («diplomatic visa») –  «D» тиби;

– кызматтык виза («official visa») – «О» тиби;

– инвестициялык виза («investment visa») – «I» тиби;

– эмгек визасы («employment visa») – «W» тиби;

– атайын эмгек визасы («special working visa») – «SW» тиби;

– окуу визасы («study visa») – «S» тиби;

– ишкердик виза («business visa») – «В» тиби;

– айдоочулук виза («driver's visa») – «Т» тиби;

– атайын мейман визасы («special guest visa») –  «SG» тиби;

– туугандар визасы («relatives visa») – «RL» тиби;

– мекен визасы («meken visa») –  «М» тиби;

– туристтик виза («tourist visa») –  «TS» тиби;

– тоо туризми үчүн виза  («visa for mountain tourism») –  «МТ» тиби;

– диний виза («religion visa») –  «R» тиби;

– чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза  («foreigners family visa») – «FF» тиби;

– транзиттик виза («transit visa») – «TR» тиби;

– чыгуу визасы («leave visa») –  «L» тиби;

– «Санарип көчмөн «Digital nomad» виза – «DN» тиби.»;

– 7-пунктунда «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган арыз ээсине төмөнкүдөй категориядагы жана типтеги визалар таризделет:

– дипломатиялык виза («diplomatic visa») –  «D» тиби;

– кызматтык виза («official visa») –  «О» тиби;

– инвестициялык виза («investment visa») – «I» тиби;

– эмгек визасы («employment visa») – «W» тиби;

– атайын эмгек визасы («special working visa») – «SW» тиби;

– атайын мейман визасы («special guest visa») – «SG» тиби;

– окуу визасы («study visa») –  «S» тиби;

– туугандар визасы («relatives visa») – «RL» тиби;

– мекен визасы («meken visa») –  «М» тиби;

– диний виза («religion visa») –  «R» тиби;

– чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза  («foreigners family visa») – «FF» тиби;

– чыгуу визасы («leave visa») – «L» тиби;

– «Санарип көчмөн «Digital nomad» виза – «DN» тиби;

– транзиттик виза («transit visa») – «TR» тиби.

Кыргыз Республикасынын аймагында туулган арыз ээсине өлкөдөн чыгуу талабысыз жогоруда аталган категориядагы  визалардын бири таризделет.»;

– 16-пунктундагы «W1 тиби» деген сөздөр «W тиби» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«17. Атайын эмгек визаcы («SW» тиби) Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке уруксат алуусуз, эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлерине 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Атайын эмгек визасы («SW» тиби) ККД, Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан миграция же аккредитация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын (журналисттер жана кабарчылар үчүн) же мамлекеттик органдардын кайрылуусунун (Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруучу кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн) негизинде, бирок 1 жылдан ашпаган мөөнөткө таризделет.»;

         – 19-пункт «юридикалык жактар» деген сөздөрдөн кийин
 «, ошондой эле экономикалык дипломатия боюнча долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери» деген сөздөр менен толукталсын; 

         – 20-пунктунун экинчи абзацы «эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкасы каралбаса,» деген сөздөрдөн кийин «же өз ара жактыруучулук принциптеринде» деген сөздөр менен толукталсын.

 – 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«21. Атайын мейман визасы («SG» тиби) Кыргыз Республикасына ар кандай ишкердик же жеке мүнөздөгү максаттар менен келген арыз ээсине Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин тапшырмасы боюнча
 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө таризделет.»;

– 23, 24-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«23. Мекен визасы («М» тиби) этностук кыргыздарга, кийинчерээк «кайрылман» статусун алуу мүмкүнчүлүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келип кетүүгө же кайтып келүүгө 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Зарыл учурларда «кайрылман» статусуна ээ болгон адамга Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – улуттук коопсуздук органы) менен макулдашуу боюнча чыгуу/кирүү мекен визасы 1 жылга чейинки мөөнөткө  («М» тиби) таризделет.

24. Туристтик виза («TS»тиби) жеке мүнөздөгү ар кандай максаттарда, анын ичинде досторуна конокко келүү, медициналык кызматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине, эмгек же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз, бир жолу кирүү жана чыгуу үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.»;

– 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«27. Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза («FF» тиби) арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына кызматтык («О» тиби), инвестициялык («I» тиби), эмгек («W» тиби), атайын эмгек («SW» тиби), туугандар визасы («RL» тиби), окуу («S» тиби), ошондой эле жашап турууга уруксаттын же жашаган жери боюнча каттоонун негизинде (Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүүгө тийиш болгон мамлекеттердин жарандарына карата) же «кайрылман» статусунун негизинде келген үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялы,
 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майып балдар жана багууда болгон ата-энелер) эмгектенүү же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.»;

– 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Дипломатиялык же кызматтык категориядагы визанын ээсине, анын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда өлкөдөн чыгып кетүү үчүн ушул сыяктуу категориядагы (дипломатиялык же кызматтык) виза чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнмөсү боюнча акысыз негизде, 10 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 291-пункт менен толукталсын:

«291. «Санариптик көчмөн «Digital nomad» визасы («DN» тиби) санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча же «Санариптик көчмөн «Digital nomad» статусуна ээ болгон маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө алектенген чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга ККД тарабынан 6 айга чейинки мөөнөткө таризделет.»;

– 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

«Визаны тариздөөгө өтүнмө толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде оңдолууга тийиш, аталган мөөнөт аяктагандан кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.

Жокко чыгарылган өтүнмө үчүн акча каражаттары кайтарылбайт.»;

– 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«36. Визанын категориясына жана тибине жараша визаны тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеги:

1) дипломатиялык виза үчүн («D» тиби):

– дипломатиялык паспорттун көчүрмөсү;

– аккредитациялык картанын көчүрмөсү (ККД же ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн узак мөөнөттүү визасы таризделген учурда);

– чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

2) кызматтык виза үчүн («О» тиби):

– кызматтык паспорттун көчүрмөсү;

– аккредитациялык карточканын көчүрмөсү (ККД же ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн узак мөөнөттүү визасы таризделген учурда);

– чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

3) инвестициялык виза үчүн («I» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– арыз ээсинин инвестор статусуна шайкештигин ырастаган инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ушул мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлган жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 

4) эмгек визасы үчүн («W» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо); 

– Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө ниеттенген арыз ээсинин жеке кайрылуусу;

– иштөөгө уруксат (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);

5) атайын эмгек визасы үчүн («SW» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо); 

– миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты же журналисттерди/корреспонденттерди аккредитациялоо жөнүндө документ (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);

– арыз ээсинин кайрымдуулук фондунун кызматкери статусуна шайкештигин ырастаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

6) окуу визасы үчүн («S» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо); 

– арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун (окуу мөөнөтүн көрсөтүү менен) ортосундагы жеке келишимдин  күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);

7) ишкердик виза үчүн («В» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо); 

8) айдоочулук виза үчүн («Т» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– транспорттук компаниянын, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкасы каралбаса, арыз ээсинин кызматын жана жүк ташуучу автотранспорт каражатынын маалыматтарын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

– айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы;

– автотранспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

– эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу укугун берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

9) атайын мейман визасы үчүн («SG» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин жазуу жүзүндөгү тапшырмасы; 

10)  туугандар визасы үчүн («RL» үчүн):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү; 

– чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаганын ырастаган документтин көчүрмөсү;

– никени каттоо жөнүндө күбөлүк же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон туугандык мамилесин ырастоочу башка документтер;

– иштеген жеринен эмгек акы жөнүндө маалымкат же чакыруучу тараптын же арыз берүүчүнүн материалдык мүмкүнчүлүгү жөнүндө башка документ;

– арыз ээсинин жашоого уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу документ (арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);

– миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү жана качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы берилген учурда);

11) мекен визасы үчүн ( «М» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– арыз ээсинин өтүнүчү;

– кыргыздардын этностук таандыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр, архивдик документтер, чет мамлекеттин улуттук паспорттору);

– арыз ээсинин жашоого уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо жөнүндө документ (арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);

– «кайрылман» статусу бар адамдардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы таризделген учурда);

12) туристтик виза үчүн («TS» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арыз ээсинин жеке кайрылуусу;

13) тоо туризми үчүн виза («МТ» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арыз ээсинин жеке кайрылуусу;

– жүрүш маршруту (тиешелүү турду уюштуруу планы);

14) диний виза үчүн («R» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү; 

– Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксат болгон учурда диний уюмдун кайрылуусу;

15) чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөсүнүн визасы үчүн («FF» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы;

– кабыл алуучу уюмдун өтүнүчү (юридикалык жактар үчүн);

– арыз берүүчү менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандык мамилелерди күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү;

– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында уруксат алып жүргөнүн ырастоочу документтердин көчүрмөсү;

16) транзиттик виза үчүн («TR» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– үчүнчү өлкөгө баруунун акыркы пунктуна чейин жолдо жүрүү билетинин көчүрмөсү же бара турган өлкөнүн визасынын көчүрмөсү, же барып виза алган учурда үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;

17) чыгуу визасы үчүн («L» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– улуттук коопсуздук органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттары;

18) «Санарип көчмөн «Digital nomad» визасы үчүн («DN» тиби):

– жарактуу документтин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо).

Эгерде арыз ээлери ушул пунктта каралган документтерди чет тилде берсе, аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек (документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостиль коюлат же эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, алар боюнча мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу өткөрүлүүгө тийиш).»;

– 39-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«39. Визаны тариздөөгө өтүнмө ТМЭБС аркылуу 4 жумуш күндүн ичинде улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат.

Жөнөкөйтүлгөн виза режимине кирген чет мамлекеттердин жарандары үчүн, 14 жашка чыга элек адамдар үчүн визаны тариздөөгө, ошондой эле визаны арыз ээсинин башка жарактуу документине тариздөөдө өтүнмөлөр макулдашылбайт.»;

– 47, 63-пункттардагы «10» деген цифра тиешелүү түрдө «5» деген цифра менен алмаштырылсын;

– 50-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«50. Улуттук коопсуздук органы тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмеси (мындан ары – Тизме), ошондой эле визасын тариздөөгө уруксат берилбеген адамдардын тизмеси ТМЭБСте жаңыланып турат, ошондой эле электрондук форматта ККДга берилет.

Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү (латын транскрипциясы менен);

– туулган датасы;

– жарактуу документинин реквизиттери (бар болсо);

– жарандыгы.»;

– 52-пунктунда:

экинчи абзацында «жана ТИМ ЫӨгө (жеке максаттары үчүн)» деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи, сегизинчи, тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

«Жарактуу документтин барактары жараксыз болгон/жоголгон/бүтүп калган учурда визаны арыз ээсинин жаңы жарактуу документине визанын калган жарактуу мөөнөтүнө тариздөөгө болот.

Визаны тариздөө «Электрондук виза» порталы аркылуу жолдо жүрүү документин өзгөртүүнүн себебин көрсөтүү менен ишке ашырылат. 

Барактары жараксыз болгон/жоголгон/бүтүп калган документ жөнүндө маалыматтар ТМЭБСте «Жараксыз документтер» базасына документти жараксыз деп таануунун себеби жөнүндө тиешелүү белги коюлуп киргизилет.»; 

– 53-пунктунда:

биринчи абзацында «жана ТИМ ЫӨгө» деген сөздөр алып салынсын;

экинчи абзацында «(ККДга жана ТИМ ЫӨгө)» деген сөздөр алып салынсын;

жетинчи абзацында «(ККДга)» деген аббревиатура алып салынсын;

  • 54-пункттунда «/ТИМ ЫӨ» деген сөздөр алып салынсын;

– 55-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«55. Чет мамлекеттердин жарандарына визаларды тариздөө ККДнын визалык колдоосунун негизинде чет өлкөлүк мекемелер же ТИМ виза пункту тарабынан мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктунда  жүргүзүлөт. Визалык колдоо жок болгон учурда, визаны тариздөө ККД менен макулдашуудан кийин ТМЭБС аркылуу ишке ашырылат.

Жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулуп жаткан чет мамлекеттердин жарандарына, ошондой эле 14 жашка чыга элек адамдарга виза тариздөө алардын жеке кайрылууларын кароонун натыйжалары боюнча ишке ашырылат.»;

- 58-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«58. Документтерди кабыл алууда консулдук кызмат адамы алардын толуктугун жана туура толтурулганын текшерет, аларда баяндалган маалыматтардын аныктыгына шектенүү пайда болсо, арыз ээсинен же чакырган тараптан тактап сурайт. 

Арыз ээсинин визалык тарыхын (виза тариздөөдөн баш тартуу же тыюу салуу болгонун) консулдук кызмат адамы ТМЭБС аркылуу текшерет. 

Зарылдыкка жараша консулдук кызмат адамы арыз ээси же чакырган тарап берген маалыматтарды ырастоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди талап кылат.»;

– 60-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде, мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин виза пунктунда таризделген визалар тууралуу маалымат ТМЭБС аркылуу бирдиктүү маалымат базасына киргизилет.».

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу