Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматка кирүү жана аны өтөө маселелерин жөнгө салуу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчи – министр ушул токтомдон келип чыгуучу жана аны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев