2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479 Токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу


Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин            2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин        2022-жылдын 11-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 

Мөөнөтү

1

Кумшекер

1701 99 100

2022-жылдын 20-мартынан 31-октябрына чейин 

Иштетилбеген камыш канты

1701 13 жана 1701 14

Рафинад канты

1701 99 1009 

1701 99 1001

”.

2. Бул токтом 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.




Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                               А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу