КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-июлундагы № 317 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Өтө эскирген автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына кыймылдаткычы электр, гибриддик автотранспорт каражаттарын ташып келүүсүнө өбөлгөлөрдү түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын ташып өткөрүү жөнүндө убактылуу нускамада:

1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:

-  ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдарына белгиленген тартипте кабарласын;

-  бир айлык мөөнөттө калкка жана тышкы экономикалык иштин субъекттерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо иш-чараларын уюштурсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                       М.Д.Абылгазиев