№ 481 Токтому 09.02.2022

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо


1. Жалпы жоболор


1. Ушул Жобо «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөсүн жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – «Санарип аймак» АМС) түзүүнүн жана иштөөсүнүн негизги максаттарын, милдеттерин, тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

2. «Санарип аймак» АМС жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн компетенциясын аткаруусу үчүн ушул Жободо белгиленген тартипте «Санарип аймак» АМСтин модулдарын түзүү жана жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруунун маалыматтык системасын билдирет.

3. «Санарип аймак» АМС ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

  1. системанын администратору – маалыматтык системанын, анын ичинде программалык (системалык) деңгээлде иштешине мониторинг жүргүзүүчү «Санарип аймак» АМСтин операторунун жооптуу кызматкери (адиси);
  2. «Санарип аймак» АМСтин ээси – жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
  3. «Санарип аймак» АМСтин жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) – «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана жеке маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана пайдаланууну контролдоо ыйгарым укуктары жүктөлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
  4. логин – «Санарип аймак» АМСтин системасына кирүү үчүн пайдалануучунун идентификатору;
  5. «Санарип аймак» АМСтин модулдары – белгилүү бир максаты бар жана берилген иштеп чыгуу функцияларын ички түзүмгө ээ болгон башка программалык модулдардан өзүнчө камсыздаган АМСтин өз алдынча бөлүктөрү же болбосо АМСтин түзүүчү ички бөлүгү;
  6. «Санарип аймак» АМСтеги маалыматка санкцияланбаган кирүү – кызматкердин кызматтык ыйгарым укуктарын бузуу, бул маалыматка жетүүгө уруксаты жок адамдар тарабынан жалпыга жеткиликтүүлүгү жабык болгон маалыматка жетүү мүмкүндүгү;
  7. «Санарип аймак» АМСтин оператору – «Санарип аймак» АМСтин ээси тарабынан аныкталган жана аны мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтык системалары жана маалымат базалары менен интеграциялоону жана техникалык жактан коштоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
  8. пароль – системанын пайдалануучусуна гана белгилүү болгон символдордун жашыруун ырааттуулугу, бул анын реалдуу маанисине дал келүүсүн ырастоого жана системага кирүү мүмкүндүгүн алууга мүмкүндүк берет;
  9. «Санарип аймак» АМСтин пайдалануучулары – «Санарип аймак» АМСке тиешелүү кирүү мүмкүндүгү бар жана «Санарип аймак» АМСте маалыматтарды жүргүзүү жана актуалдаштыруу үчүн жооптуу жана/же системада каралган отчетторду/чыгуу формаларын түзүү, маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү муниципалдык кызматчысы, мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчысы;
  10. жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту – анын негизинде жакыр үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыгуучу «Санарип аймак» АМСте электрондук түрдө таризделүүчү жакыр үй-бүлөнүн курамы, бакубатчылыгынын деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жетүү мүмкүндүгү жөнүндө анкета;
  11. расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын адиси:

– муниципалдык статистиканы жүргүзүү максатында маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо үчүн ыйгарым укуктуу жана «Санарип аймак» АМСтин ээсиз калган маалыматтар базасына кирүү укугу бар борбордук аппараттын же ведомстволук бөлүмдүн мамлекеттик кызматчысы; 

– «Санарип аймак» АМСте каралган отчеттуулуктун түрлөрүн түзүүнү жана маалыматтарды талдоону жүзөгө ашыруу үчүн «Санарип аймак» АМСтин ээси көрсөтүлбөгөн маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгү (пайдалануучу) бар аймактык бөлүмдөрдүн мамлекеттик кызматчылары;

12) жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын адиси – жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлик органынын борбордук аппаратынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн «Санарип аймак» АМСтин системасында каралган отчеттуулуктун түрлөрүн түзүүнү, статистикалык маалыматтарды талдоону жана иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик кызматчысы;

13) эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адиси – эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн отчеттуулуктун бардык формалары жана мамлекеттик колдоого жана материалдык жардамга муктаж болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелери бөлүгүндө «Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту» модулуна жетүү мүмкүнчүлүгү берилген мамлекеттик кызматчы;

14) үй чарбаларын эсепке алуунун электрондук китеби – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айыл аймагынын же шаардын аймагында үй чарбалары боюнча маалыматтарды түзүү үчүн эсепке алуу китеби, аны жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлик органы тарабынан аныкталат; 

15) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту – калктын сандык жана сапаттык курамы, аймактын көлөмү, социалдык объекттердин абалы жана социалдык-маданий инфратүзүм, иштин чөйрөсү, кыйла маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы проблемалар жана муктаждыктар жөнүндө маалыматтарды камтыган документ.

5. «Санарип аймак» АМСтин ээси болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы саналат. «Санарип аймак» АМСтин ээси «Санарип аймак» АМСтин жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) укуктарын жүзөгө ашырат.

6. «Санарип аймак» АМСти техникалык эксплуатациялоону, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте конкурстун негизинде ээси аныктаган оператор жүзөгө ашырат.


2. «Санарип аймак» АМСтин негизги максаттары жана милдеттери


7. «Санарип аймак» АМСтин негизги максаты «Санарип аймак» АМСтин модулдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан тиешелүү суроо-талаптар боюнча өз компетенциясынын алкагында чечимдерди кабыл алуу процессинде зарыл болгон технологиялар жана техникалык каражаттар аркылуу түзүлгөн маалыматтар боюнча маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштеп чыгуу, издөө, түзүү, берүү болуп саналат.

8. «Санарип аймак» АМСтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  1. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык коомду калыптандыруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;
  2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде алар тарабынан сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында алуу үчүн;
  3. коррупциялык факторлорду четтетүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алуу;

5) шайлоо, референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмесин, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүүдө маалыматтарды жыйноону жеңилдетүү;

6) «Санарип аймак» АМСтин түзүлгөн модулдары боюнча борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;

7) жергиликтүү коомчулуктагы калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгуу үчүн «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарын пайдалануу.


3. «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүмү


9. «Санарип аймак» АМСте төмөнкү функционалдык модулдар берилген:

1) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту»;

2) «Үй чарбаларын эсепке алуунун электрондук китеби»;

3) «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту»;

4) «Муниципалдык менчикте турган жер участокторун жеке турак жай курууга жана ижарага берүүнүн кезектүүлүгү»;

5) «Муниципалдык менчик объекттеринин бирдиктүү реестри».

10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин андан ары автоматташтыруу максатында «Санарип аймак» АМСтин жаңы модулдары иштелип чыгышы жана пайдаланууга киргизилиши мүмкүн.

11. «Санарип аймак» АМСтин модулдарын толтуруунун жана аларды пайдалануунун шарттары, ырааттуулугу, тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен «Санарип аймак» АМСтин Регламенти менен аныкталат.

12. Маалыматтар «Санарип аймак» АМСке пайдалануучунун суроо-талабы аркылуу Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жарандар берген маалыматтын негизинде киргизилет.

13. «Санарип аймак» АМСте жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана электрондук документтерди сактоо мөөнөттөрү, электрондук архивдөө тартиби, жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана электрондук документтерди сактоо мөөнөтү бүткөндө сактоо орду «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана архив иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген документтерди кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу эрежелерине ылайык системанын ээси тарабынан белгиленет.


4. «Санарип аймак» АМСти пайдалануучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги


14. «Санарип аймак» АМСтин ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органда, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда «Санарип аймак» АМСти эксплуатацияга киргизүүгө;

2) «Санарип аймак» АМСти пайдалануу, өркүндөтүү процессин координациялоону жана ага мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга; 

3) «Санарип аймак» АМСти эксплуатациялоо процессинде пайдалануучуларды консультациялык колдоого жана окутууга;

4) «Санарип аймак» АМСти пайдалануучуларга «Санарип аймак» АМСтин иштешинин техникалык шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат берүүгө;

5) «Санарип аймак» АМСти башка мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен электрондук башкаруу жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеграциялоого.

15. «Санарип аймак» АМСтин ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

1) «Санарип аймак» АМСтин операторунан «Санарип аймак» АМСтин иштөө абалы, ишке киргизүүнүн жана пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты сурап алууга;

2) «Санарип аймак» АМСти пайдалануучулар жана ага санкциясыз кирүүлөр жөнүндө оператордон маалымат сурап алууга;

3) «Санарип аймак» АМСтин борборлошкон маалыматтар базасына башка мамлекеттик органдардын алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жетүү укугун аныктоого;

4) жаңы модулдарды иштеп чыгуу же «Санарип аймак» АМСтин программалык функционалын модификациялоо зарылдыгы келип чыккан учурда «Санарип аймак» АМСтин ээси тарабынан бекитилген техникалык тапшырманы «Санарип аймак» АМСтин операторуна берүүгө.

16. «Санарип аймак» АМСтин оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) «Санарип аймак» АМСтин ээси бекиткен техникалык тапшырманын негизинде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен «Санарип аймак» АМСтин программалык камсыздоосун иштеп чыгууга; 

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органда, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда «Санарип аймак» АМСтин ишке киргизилишин камсыз кылууга;

3) «Санарип аймак» АМСти пайдалануучулардын жумуш орундарын кошууну камсыз кылууга;

4) «Санарип аймак» АМСтин серверлерин администрациялоону жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө;

5) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтар менен алмашууну камсыз кылууга;

6) «Санарип аймак» АМСтин коопсуз маалыматтык мейкиндикте үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга;

7) «Санарип аймак» АМСте камтылган маалыматтарга коопсуз жетүүнү камсыз кылууга;

8) «Санарип аймак» АМСтин программалык камсыздоосунун ишке жөндөмдүүлүгүн жана маалыматтар базасынын резервдик көчүрмөлөөсүн камсыз кылууга;

9) «Санарип аймак» АМС менен иштөө боюнча пайдалануучунун колдонмосун иштеп чыгууга жана ээсине бекитүүгө берүүгө;

10) «Санарип аймак» АМСти пайдалануучулардын бардык категорияларын окутууга, аларга консультация берүүгө жана техникалык колдоо көрсөтүүгө.

17. «Санарип аймак» АМСтин оператору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) «Санарип аймак» АМСтин ээсинин кайрылуусунун негизинде «Санарип аймак» АМСтин программалык камсыздоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) «Санарип аймак» АМСтин ээси тарабынан бекитилген техникалык тапшырманын жана келишимдин негизинде «Санарип аймак» АМСтин программалык функционалын модификациялоого. 

18. «Санарип аймак» АМСти пайдалануучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) башка мамлекеттик органдардын жеке маалыматтар массивдеринен алынган, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жарандар берген маалыматтардын негизинде «Санарип аймак» АМСте маалыматтарды топтоо;

2) өз ыйгарым укуктарынын чегинде «Санарип аймак» АМСте камтылган маалыматтардын жаңылануусун, толуктугун, аныктыгын туруктуу негизде камсыз кылуу;

3) «Санарип аймак» АМСти туруктуу негизде эксплуатациялоону камсыз кылуу;

4) «Санарип аймак» АМС аркылуу маалыматтарды берүү жана жеке маалыматтар субъекттеринин суроо-талабы боюнча бекитилген формаларга ылайык маалымкаттарды берүү;

5) өзүнүн компетенциясынын чегинде гана системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана «Санарип аймак» АМСте камтылган маалыматтарга санкциясыз кирүүгө жол бербөө;

6) «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык «Санарип аймак» АМСтин маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу.

19. «Санарип аймак» АМСти пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) чечимдерди кабыл алуу, саясатты иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде пландаштыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарын пайдаланууга;

2) «Санарип аймак» АМСтин ээсинен жана операторунан «Санарип аймак» АМСти жүргүзүү маселелери боюнча консультациялык жана техникалык жардам алууга;

3) «Санарип аймак» АМСтин функционалын толуктап иштеп чыгуу/модификациялоо боюнча ээсине сунуштарды киргизүүгө.

20. «Санарип аймак» АМСти пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Жобонун талаптарынын аткарылбагандыгы жана «Санарип аймак» АМСтин маалыматтар базасынан маалыматты мыйзамсыз же санкциясыз жайылтуу, жарыялоо жана пайдалануу, ошондой эле логиндин, паролдун жана электрондук санариптик кол тамга кодунун сакталышы жана/же маалыматтар базасында авторизациялоону жүзөгө ашырууда үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү үчүн жоопкерчилик тартат.


5. «Санарип аймак» АМСте маалыматтарды түзүү жана пайдалануу тартиби


21. «Санарип аймак» АМСтеги маалыматтар мамлекеттик/муниципалдык кызматтарды көрсөткөн же аларды көрсөтүүгө катышкан башка кармоочулардын жеке маалыматтарынын массивинен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, ошондой эле маалымат (маалыматтар) алмашылбай турган «Санарип аймак» АМСтин модулдарын пайдалануучулардын кошумча маалыматтар менен толтуруусу аркылуу түзүлөт.

22. Маалыматты (маалыматтарды) башка маалыматтык ресурстар менен алмашуу жолу менен алынган «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарынын дал келбестиги аныкталган учурда жеке маалыматтарды актуалдаштыруу жана өзгөртүү «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

23. «Жакыр жашаган үй-бүлөнүн социалдык паспорту» модулуна маалыматтарды түзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органга жиберген сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.


6. «Санарип аймак» АМСтен маалыматтарды берүү


24. «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалымат субъекттеринин суроо-талаптары боюнча «Санарип аймак» АМСтин Регламенти менен бекитилген формага ылайык маалымкаттарды берет, ошондой эле «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жеке маалыматтарды берүүнү жүзөгө ашырат.

25. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн маалымкаттарды «Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте берет.

26. «Санарип аймак» АМСтин маалыматтар базасынан алынган маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында ведомстволор аралык маалымат алмашуу жөнүндө «Санарип аймак» АМСтин ээси менен кол коюлган типтүү макулдашуунун шарттарынын алкагында ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын катышуучуларына онлайн режиминде жеткиликтүү болушу мүмкүн. 

27. Расмий статистиканы өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарынын негизинде расмий статистикалык жыйынды маалыматтарды чыгаруу максатында «Санарип аймак» АМСтин маалыматтар базасынан жеке эмес маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү берилет.


7. Катышуучуларды «Санарип аймак» АМСтин системасына кошуу жана ага кирүү мүмкүндүгү


28. Катышуучуларды «Санарип аймак» АМСтин системасына кошуу жана ага кирүү мүмкүндүгү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарда адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө регламентине ылайык ишке ашырылат.

29. «Санарип аймак» АМСти киргизүү жана анын иштеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан каржыланат.

30. Ушул Жободо жөнгө салынбаган маселелерди кароодо «Санарип аймак» АМСти пайдалануучулар электрондук башкаруу, ошондой эле жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жоболорун жетекчиликке алат.