КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 487 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сакталышын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелеринде:

  •  4-пунктунда:

3-пунктчасындагы «35», «20» деген цифралар тиешелүү түрдө «25», «15» деген цифралар менен алмаштырылсын;

31-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«31) пенсиялык топтоолордун наркынын 5 пайызынан ашпаган өлчөмдө кредиттик уюмдардагы чет өлкөлүк валютадагы мөөнөттүү депозиттерге. Мында пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун чет өлкөлүк валютадагы депозиттерине пенсиялык топтоолордун 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө жана бир чет өлкөлүк валютада ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                    А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу