КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 токтому

Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу 

“Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык  бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74  “Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - 3-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентте:

 - 8-главасы жана 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев