Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикалык бюджеттин кассалык планын түзүү процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
2-октябрындагы № 632 “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы “республикалык бюджетинин” деген сөздөр “бюджеттик системасынын бюджеттеринин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 3-пунктунун он төртүнчү, он жетинчи абзацтарындагы “Өкмөт” жана “Өкмөтү” деген сөздөр тиешелүү түрдө “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жана “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Республикалык бюджеттен каржылоону жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелердин башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөр, алуучулар) болуп саналган бюджеттик каражаттарды алуучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү негиздемелери жана түшүндүрмөлөрү менен чыгымдардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча каржылоого бир айлык муктаждыкты (өтүнмөлөр) берет.”;
– 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгымдардын жалпы суммасын бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, тескөөчүлөрү боюнча бөлүштүрүүдө алардын өздүк эсептеринде каражаттардын калдыктарынын болушун эске алууга укуктуу.”;
– 9, 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи – төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Республикалык бюджеттин ресурстарынын пландалган түшүүлөрүнө жана чыгымдарына жараша каралып жаткан мезгилдин аягына карата республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыктары “оң” же “терс” мааниге ээ болушу мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн Бирдиктүү казыналык эсепте жайгаштырылган бюджеттик каражаттардын бош калдыктарын пайдаланууга укуктуу.
Бюджеттик жыл аяктагандан кийин республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыгы “оң” мааниге ээ болууга тийиш.”;
– 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Белгиленген формага ылайык түзүлгөн республикалык бюджеттин кассалык планынын долбоору Республикалык бюджеттин кассалык планын түзүү, жүргүзүү жана бекитүү маселелери боюнча бюджеттик комиссия (мындан ары – Бюджеттик комиссия) тарабынан каралат, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан уюштурулат.
Бюджеттик комиссия тарабынан каралгандан кийин тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин кассалык планын бекитүү жөнүндө чечим протокол менен таризделет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдетин аткаруучуга кол коюуга киргизилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси республикалык бюджеттин каралган кассалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, же болбосо аны жеткире иштеп чыгууга жиберүүгө укуктуу.
Жергиликтүү бюджеттин түзүлгөн кассалык планы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу адамы менен макулдашуу боюнча аймактык башкармалыктардын начальниктери тарабынан бекитилет.”;
– 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Республикалык бюджеттин кассалык планы бекитилгенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдетин аткаруучунун тапшырмаларына ылайык кийин кассалык планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен кечиктирилгис чыгымдарды каржылоону жүргүзүүгө жол берилет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров