Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
20-беренесинин 5-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 3-августундагы № 270 «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин
92–94-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы» мекемеси менен «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборбору» мамлекеттик ишканасы бириктирүү жолу менен бардык укуктарын жана милдеттерин жаңы түзүлгөн «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы» мекемесине (мындан ары – УТРК) өткөрүп берүү менен кайра уюштурулсун.
- УТРКнын төмөнкүдөй фирмалык аталышы аныкталсын:
толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы» мекемеси;
– расмий тилде: учреждение «Национальная телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики»;
кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «КР УТРК» мекемеси;
– расмий тилде: учреждение «НТРК КР».
3. УТРКнын жайгашкан жери болуп төмөнкү дарек аныкталсын: Кыргыз Республикасы, 720010, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, № 59.
4. УТРК «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы» мекемесинин жана «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
1) төмөнкү мекемелерди кайра уюштурсун:
– «Баткен облустук телерадиокомпаниясы» мекемесине жана «Баткен таңы» Баткен облустук гезитинин редакциясы» мекемесине бөлүү жолу менен «Баткен облустук медиаборборун»;
– «Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы» мекемесине, «Акыйкат» Жалал-Абад облустук гезитинин редакциясы» мекемесине жана «Жалал-Абад тонги» Жалал-Абад облустук гезитинин редакциясы» мекемесине бөлүү жолу менен «Жалал-Абад облустук медиаборборун»;
– «Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы» мекемесине, «Ысык-Көл кабарлары» Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы» мекемесине жана «Вести Иссык-Куля» Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы» мекемесине бөлүү жолу менен «Ысык-Көл облустук медиаборборун»;
– «Нарын облустук телерадиокомпаниясы» мекемесине жана «Теңир Тоо» Нарын облустук гезитинин редакциясы» мекемесине бөлүү жолу менен «Нарын облустук медиаборборун»;
– «Талас облустук телерадиокомпаниясы» мекемесине жана «Талас Байрагы» Талас облустук гезитинин редакциясы» мекемесине бөлүү жолу менен «Талас облустук медиаборборун»;
– «СТВ» Чүй облустук телерадиокомпаниясы» мекемесине, «Чүй баяны» Чүй облустук гезитинин редакциясы» мекемесине жана «Чуйские известия» Чүй облустук гезитинин редакциясы» мекемесине бөлүү жолу менен «Чүй облустук медиаборборун»;
– курамынан «Ош жаңырыгы» Ош облустук гезитинин редакциясы», «Уш садоси» Ош облустук гезитинин редакциясы» жана «Эхо Оша» Ош облустук гезитинин редакциясы» мекемелерин бөлүү жолу менен «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясын»;
2) жаңы түзүлгөн «Баткен облустук телерадиокомпаниясы», «Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы», «Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы», «Нарын облустук телерадиокомпаниясы», «Талас облустук телерадиокомпаниясы», «СТВ» Чүй облустук телерадиокомпаниясы» мекемелерин тийиштүү штаттары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен УТРКнын карамагына өткөрүп берсин;
3) УТРК менен биргеликте облустук мамлекеттик телерадиокомпаниялардын убактылуу же туруктуу пайдалануусунда турган имараттарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте кабыл алууну - өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
4) ушул токтомдун 5-пунктунун 1-пунктчасында каралган кайра уюштурулуучу мекемелердин бөлүштүрүү балансын бекитсин;
5) А. Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилген чоң концерттик студияны УТРКнын карамагына өткөрүп берсин;
6) бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
6. УТРКнын башкы директору:
– эки айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда каралган кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
– УТРКнын жана облустук телерадиокомпаниялардын жаңы уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;
– УТРКнын жана облустук телерадиокомпаниялардын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
– кайра уюштурулуучу юридикалык жактарды юстиция органдарында каттоо жол-жоболорун белгиленген тартипте жүргүзсүн;
– УТРКны техникалык модернизациялоону негиздөө үчүн техникалык аудит жүргүзсүн;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык имаратты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда УТРКга бекитип берүү боюнча чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул токтомун ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына 2022-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров