Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жана кызматтык тартип чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жана кызматтык тартип маселелерин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жободо:
- 19-пунктундагы «соттуулугу алынганына же жоюлгандыгына карабастан кылмыш иши үчүн соттолбогон» деген сөздөр «мурда жазык жоопкерчилигине тартылбаган же болбосо жазык жоопкерчилигине тартылган, бирок аларга карата иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык реабилитациялоочу жагдайлар боюнча кыскартылган же сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пунктунун экинчи абзацындагы «кызматтык-спорттук комплекстин (мындан ары - КСК) ченемдерин» деген сөздөр «дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пунктунда:
«б» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«б) мурда жазык жоопкерчилигине тартылган болсо, ага карата иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган учурлардан тышкары;»;
«д» пунктчасындагы «ч» тамгалык белги алып салынсын;
- 48-пунктунун «а» жана «б» пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«а) тергөө судьясы же сот тарабынан кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом же аныктама чыгарылса;
б) ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан башка бөгөт коюу чаралары колдонулса;»;
- 61-пунктунун биринчи абзацындагы «КСК нормативдерин тапшыргандыгын,» деген сөздөр алып салынсын;
- 63-пунктунун биринчи абзацындагы «КСКнын нормативдерин ийгиликтүү тапшырган учурда,» деген сөздөр алып салынсын;
- 65-пунктунун биринчи абзацындагы «КСК нормативдерди тапшыруу жөнүндө маалымкаттын» деген сөздөр алып салынсын;
- 75-пунктунда:
«в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) жазык ишин же жорук жөнүндө иш боюнча шектүү, айыпталуучу катары өтүп жаткандарга;»;
«д» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Наамдарды ыйгарууга сунуш кызмат орунга дайындалгандан, тартиптик жазасы алынгандан, кызматтык текшерүү аяктагандан кийин, жазык иши же жорук жөнүндө иши боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылгандан же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылгандан кийин берилет;»;
- 106-пунктунун «ц» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ц) кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган, бирок акырында тергөө органдары тарабынан иш боюнча өндүрүш кыскартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган учурлардан тышкары;»;
- 113-пунктундагы «ч» тамгалык белги алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставында:
- 67-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«67. Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын наамына жана кызматына карабастан мыйзам алдында бирдей жана алар жасаган укук бузуулардын мүнөзүнө жана оордугуна жараша тартиптик, жарандык-укуктук жоопкерчиликке, ошондой эле бузуу, жорук жана кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилике тартылышы мүмкүн.»;
- 69-пунктундагы «администрациялык укук бузуунун же жазык кылмышынын» деген сөздөр «бузуунун, жоруктун же кылмыштын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 70-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 71-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«71. Кызматкерге карата жазык иши же жорук жөнүндө иши боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган учурда, анын иш-аракетинде тартиптик жоруктун белгилери болсо, кызматкерди ушул Уставга ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе милдеттүү түрдө каралууга тийиш.»;
- 84-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«84. Эгерде кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө кызматкердин жасаган жоругунда кылмыштын, жоруктун курамынын белгилери бар экендиги аныкталса, анда аны дайындаган башчы (командир) кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) материалдарын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберет.»;
- 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«108. Ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза кызматтык тартипти одоно бузгандыгы же кызматкердин ички иштер органдарына андан ары кызмат өтөөсүнө шайкеш келбеген тартиптик жорук жасалгандыгы үчүн, ошондой эле иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган учурлардан тышкары, айыптоочу өкүмдүн же жазык иши же жорук жөнүндө иши боюнча өндүрүш кыскартылгандын негизинде колдонулушу мүмкүн.»;
- 131-пунктундагы «ч» тамгалык белги алып салынсын;
- 132-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«132. Кызматкерге берилген тартиптик жаза колдонулган, ага карата кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүлгөн мезгилде же кызматкер шектүү, күнөөлү болуп саналган жазык иши же жорук жөнүндө иш болсо, аны кызматынан жогорулатууга, кезектеги атайын наам ыйгарууга сунуштоого, сыйлоого жол берилбейт.»;
- 139-пунктундагы «тартип бузуу жоругун жана жазык кылмыштарын» деген сөздөр «бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев