КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтому

Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентте:

- 279-пунктунун үчүнчү абзацы, 14-главанын 431-433-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 20, 21, 23 жана 24-тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев