“Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин “Мекен карт” документин берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө" буйрук долбоору
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын III бөлүмүнүн 88-главасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. “Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин “Мекен карт” документин берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин www.gov.kg расмий веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кагаз жана электрондук түрдө жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери:
1) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти менен кызматкерлерди тааныштырышсын;
2) кызматкерлер мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин сакталышын жеке көзөмөлгө алышсын;
3) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматы көрсөтүү боюнча иштерди уюштурушсун;
4) жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басарына (мамлекеттик каттоо жана архив иши маселелери боюнча) жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Т.О. Иманов