КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы No 501 токтому

2022–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджеттик ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө


Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 129-беренесинин  2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  22-декабрындагы № 696 токтому менен бекитилген               Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017–2025-жылдарга карата стратегиясынын негизги багыттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


  1. 2022–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджеттик ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жол картасын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров