КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 445 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасын жана 2022–2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө 

Калктын баңгизаттарга көз карандылык деңгээлин жана ага байланышкан терс кесепеттерди азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасы 1-тиркемеге ылайык; 

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022–2026-жылдарга баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджетте министрликтер жана административдик ведомстволор үчүн каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде жүргүзүлсүн. 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                      А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу