КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтому

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 578 «Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин андан ары ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 578 «Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы «коммуникациялар» деген сөз «жол» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.»;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелеринде:

- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жаракат алган жана өлгөн адамдар жаракат алгандыгы жана өлүмү жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен эмес, башка себептер менен болгондугу жөнүндө тергөө органдары тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде жаракат алгандардын жана өлгөн адамдардын эсебине киргизилбейт. Аталган токтомдун көчүрмөсү мурда жол-транспорт кырсыктарынан каза тапкан жана жабырлануучу катары берилген адамдар тууралуу маалыматтарды статистикалык отчеттон чыгаруу маселесин чечүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.»;

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8. Жол-транспорт кырсыктары жана андан жабыр тарткан адамдар тууралуу оозеки же жазуу түрүндөгү билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленген тартипте ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүндө катталат жана телеграфтык байланыш каналдары (телефон, чабарман) аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нөөмөт бөлүмүнө берилет.

Беш жана андан көп адам өлгөн, он жана андан көп адам жабыркаган (каза болгондор жана жаралангандар) жол-транспорт кырсыктары тууралуу оперативдүү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тезинен жөнөтүлөт.

Жогоруда аталган ар бир жол-транспорт кырсыктары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген тартипте, кызматтык териштирүү жүргүзөт.»;

- 9-пунктунда:

- экинчи абзацындагы «органынын, ошондой эле Мамлекеттик автомобилдик инспекциянын бөлүмчөсүнүн начальниги же Мамлекеттик автомобилдик инспекциянын» деген сөздөр «органынын начальниги, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөсүнүн начальниги же» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын» деген сөздөр «жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацындагы «ички иштер башкармалыктарынын Мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын аппаратына» деген сөздөр «жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Материалдык чыгым алып келип, жабыркагандар болбогон жол-транспорт кырсыктарын, аларды жасоо себептерин четтетүү үчүн шаардык, райондук ички иштер органдары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын күжүрмөн бөлүкчөлөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте каттайт жана талдайт.»;

- 18-пунктундагы «коопсуздугу» деген сөз «коопсуздугун камсыздоо» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу