Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Камсыздандыруу акыларын администрациялоо маселесин координациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
7-пункту “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
15-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдары бекитилген штаттык сандын жана 2018-жылга жана андан кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жумшалаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- түзүмүн жана штаттык тизмесин бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев