КР Министрлер Кабинетинин 07.10.22 ж. №546 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пунктунун 7-пунктчасындагы “Мамлекеттик материалдык резерв” деген сөздөр “Мамлекеттик материалдык резервдер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасынын мамлекеттик тилдеги тексти ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду жөнүндө жободо:

  • мамлекеттик тилдеги текстинде:

аталышындагы “резерв” деген сөз “резервдер” деген сөз менен алмаштырылсын;

1-пунктундагы “материалдык резерв” деген сөздөр  “материалдык резервдер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“4. Фонддун толук аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду”;

– расмий тилде: “Фонд государственных материальных резервов при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики”.

Фонддун кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде: “КР ӨКМ караштуу ММРФ”;

– расмий тилде: “ФГМР при МЧС КР”.”;

– 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“– материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу, убакыттагы айырма менен жаңылоо, алмашуу, карызга алып туруу жана сатуу тартибинде чыгарууда үстөктөн.”;

– 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

– мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн номенклатуралык материалдык баалуулуктарды сатып алууга;

– Фонддун ишинин алкагында максаттуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн (майдалоо, сактоо, газдоо, лабораториялык изилдөөлөр, жүктү коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өткөрүү, жүктөө, түшүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, темир жолдордо мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары жүктөлгөн вагондорду маневр кылуу ж.б.) жеткирүүчүлөргө жана жооптуу сактоочуларга акы төлөөгө;

– бажы кызмат көрсөтүүлөрү жана темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөгө;

– карызды төлөөнүн эсебинен алынган объекттерди коргоого жана башка чыгымдарга акы төлөөгө;

– Фонддун кызматтык жайларынын жана башка кыймылсыз мүлк объекттеринин ижарасын төлөөгө;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча материалдык баалуулуктарды сатып алууга;

– материалдык баалуулуктарды чыгаруудагы жана брондон чыгаруудагы чыгымдарга;

– Фонддун материалдык-техникалык жана социалдык базасын алууга жана чыңдоого, автотранспортун сатып алууга жана тейлөөгө, инфратүзүмүн алууга, курууга жана күтүүгө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун иш сапарлык чыгымдарын төлөөгө;

– Фонддун өндүрүштүк зарылдыгы боюнча эмгек келишимдери боюнча чыгымдарга;

– Фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө.

Күндөлүк чыгымдарды, анын ичинде ишти камсыз кылууга жана жакшыртууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, кызматкерлердин социалдык-эмгектик мамилелерин жөнгө салууга чыгымдарды жабууга байланышкан иш-чаралар боюнча чыгымдардын сметасы бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, атайын эсептин отчеттук жыл үчүн бекитилген чыгымдар сметасынын 10 %ынан ашпаган чекте бекитилет.”;

– 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров



Тиркемелер

Басып чыгаруу