КР Министрлер Кабинетинин 07.10.22 ж. №559 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү   киргизүү тууралуу 

Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү, юстиция органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо: 

– 7-пунктунун 3-пунктчасы “координациялоону камсыз кылуу” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын эсебинен жүзөгө ашырылуучу” деген сөздөр менен толукталсын;

– 8-пунктунда:

3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:  

“– мамлекеттик органдардын жана уюмдардын юридикалык кызматтарынын ишин координациялайт жана методикалык көмөк көрсөтөт;”;

6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:  

“– юридикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

– юриспруденция жаатындагы фундаменталдык жана колдонмо  изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат;”.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

– өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;

– бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                                А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу