КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтому

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 11-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-  Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартиби, 3-тиркемеге ылайык.

2. ”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын  9-декабрындагы № 834 “Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кымбат баалуу металлдардын чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө жободо:

- 4, 11, 15-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын   30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде:

- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5-пунктунун бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынам эн белгисинин  изине ээ болгон” деген сөздөр алып салынсын;

-  8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пунктта:

 биринчи абзацындагы “, шрифттерди алуу” деген сөздөр алып салынсын;

экинчи абзацындагы “Товаровед-сатып-алуучу” деген сөздөр “Сатып алуучу” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 12-пунктта:

биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды сатып алууну эсепке алуу журналында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

аталышы (сөйкө, шакек, топтом, чынжыр жана башкалар, же  алардын сыныктары),  салмагы, сынамы, суммасы;”;

төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 1-форма күчүн жоготту деп таанылсын.

4.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын  1-августундагы № 551 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-январындагы № 29 “Баалуу металлдардан жасалган зер жана тиричилик буюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик эн тамгасынын белгисин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-январындагы №15 “Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер (тиричилик) буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-апрелиндеги № 203 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы №551 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-апрелиндеги № 200 “Чет өлкөдөн ташылып келген баалуу металлдардан жасалган жана сатууга арналган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдарга мамлекеттик пробирдик белги менен эн салуу жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-июлундагы № 460 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик проба жүргүзүү көзөмөлү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 “Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы № 52 “Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 277 “Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 264 “Баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарын энтамгалоо Эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д. Абылгазиев