Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 470 “Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 470 “Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо
(кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо
(кайра каттоо) үчүн:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 200 сом;
– 1 жумуш күндүн ичинде – 1 200 сом;
– 6 сааттын ичинде – 2 500 сом;
– 3 сааттын ичинде – 3 200 сом;
2) финансылык-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө –100 сом;
– 3 жумуш күндүн ичинде – 1 700 сом;
– 1 жумуш күндүн ичинде – 3 000 сом;
– 6 сааттын ичинде – 3 700 сом;
3) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ишинин токтотулганын мамлекеттик каттоо үчүн:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 200 сом;
– 3 жумуш күндүн ичинде – 940 сом;
– 1 жумуш күндүн ичинде – 1 880 сом;
– 6 сааттын ичинде – 2 820 сом.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде) каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) түзүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бекитилген баалардын прейскурантына ылайык алынат деп белгиленсин.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров