КР Министрлер Кабинетинин 19.10.22 ж. №579 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  18-декабрындагы № 839 “Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  29-январындагы № 4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгына, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында: 

 – таблица төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

“  

13

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин “Мекен-карт” документин берүү


40

                                                                                                              ”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу