КР Министрлер Кабинетинин 27.10.22 ж. № 590 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

«Мекен-карт» улуттук демилгесин ишке киргизүүнү тездетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         – 5-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

         – төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

          «51. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Учкун» ачык акционердик коому менен биргеликте (макулдашуу боюнча) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин «Мекен-карт» документинин бланктарын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


                                                                            

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                    А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу