Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Эмгек жана финансылык тартипти чыңдоо, мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдардын жетекчилеринин чет өлкөлөргө иш сапарларын тартипке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
– 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлөргө иш сапарлары Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен, ал эми ал жок учурда – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарынын чет өлкөлөргө иш сапарлары Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана алардын орун басарлары чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарлардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү отчетторду алар кайтып келген күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, көчүрмөсүн Президенттин Администрациясына берет.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилеринин Кыргыз Республикасына кызматтык иш сапарлары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилиги жана Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров