Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды кириштөөнү, эсепке алууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4, 21, 47, 48, 70 жана 75-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесине, «Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 444 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 56 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» токтомунун 19-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 383 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев