КР Министрлер Кабинетинин 4.11.2022 ж. №600 токтому

 

Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын

айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого)

убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө 

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана
азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу 1-тиркемеге ылайык                             белгиленсин.

2. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 
31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга 100 000 тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигинемүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишининкатышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Бул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарды экспорттоого квоталардын экспорттук көлөмдөрүн бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайыктышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелеринде белгиленген тартипте экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу бар буудай унун өндүрүүчүлөр болуп саналган тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлөт деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 
1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                      2022-жылдын 17-мартындагы № 140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2022-жылдын 31-майындагы № 294 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                       А.У. Жапаров 
   

1-тиркеме 

Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси

 

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

1

Буудай жана меслин

1001

2

Күн карама уругу

1206 00 990 0

 

2-тиркеме 

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн 

эрежелери 

1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН
1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүнтартибин аныктайт (мындан ары – экспорттукквоталар).

2. Экспорттук квоталар экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу бар буудай унун өндүрүүчүлөр болуп саналган тышкы соода ишинин катышуучуларынын (мындан ары – арыз ээлери) ортосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) бөлүштүрүлөт.

3. Арыз ээлери ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча буудай унуна экспорттук квотаны бөлүштүрүү жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу органга жиберет.

4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

− арыз берген адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документ (документтин көчүрмөсү);

− юридикалык жактын уставынын, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;

− 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 
31-октябрын кошо алгандагы мезгил үчүнбуудай унун өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалымат.

5. Экспорттук квотаны бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон арыз жана документтер расмий тилде берилет.

6. Берилген арызга жана документтерге (документтердин көчүрмөлөрүнө) арыз ээсинин жетекчиси өзү (ыйгарым укуктуу адам) кол коёт жана ыйгарым укуктуу органгажөнөтүлөт.

7. Бардык арыз ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү максатында  буудай унун ташып чыгууга экспорттук квотанын көлөмү (Vkim) төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:

Vkim x Vkom, мында: 

Vim – арыз ээси тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алганда арыз ээси тарабынан ташылып чыккан буудай унунун көлөмү;

Vom – 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 
31-октябрын кошо алганда бардык арыз ээлеритарабынан ташылып чыккан буудай унунун жалпы көлөмү;

Vkom – 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 31-декабрын кошо алганда буудай унуна карата белгиленген экспорттук квотанын жалпы көлөмү (100 000 тонна).

8. Эгерде арыз ээсинин экспорттукквотасынын көлөмү бөлчөк бирдиктерге ээ болсо, мындай көлөм экспорттук квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде жалпылооэрежелери боюнча бүтүндөй чоңдукка чейин жалпыланат.

9. Экспорттук квотаны бөлүштүрүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин 3 жана 
4-пункттарында каралган арыздын жана документтердин берилбеши;

2) арыз ээси тарабынан берилген арыздын жана документтердин ушул Эрежелердин 5 жана 6-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбеши;

3) арыз ээси берген документтерде аныкэмес, бурмаланган же толук эмес маалыматтардын болушу;

4) экспорттук квотаны бөлүштүрүү үчүн негиз болгон бир же бир нече документтердин колдонулушун токтотуу же токтото туруу;

5) буудай унун өндүрүүчүлөрдө экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктардын жоктугу.

10. Ушул Эрежелердин 8 жана 9-пункттарына ылайык жүргүзүлгөн эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз ээлеринин ортосунда экспорттук квотаны бөлүштүрүү жөнүндө чечимди кабыл алат.

11. Арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде каралат. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде ташып чыгуу көлөмүн бөлүштүрүү же бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду берилет.

12. Буудай унун ташып чыгуу көлөмүн бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду ушул Эрежелердин 9-пунктуна ылайык документтер жок болгон учурда берилет.

13. Мурда бөлүнгөн экспорттук квотанын көлөмүнөн жазуу жүзүндө баш тарткан жана ыйгарым укуктуу орган корутундуну жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, бул корутунду боюнча бөлүнүүчү экспорттук квотанын көлөмү бөлүштүрүлбөгөн болуп эсептелет.

14. Экспорттук квотаны колдонуу менен буудай унун ташып чыгуу көлөмү ал түгөнгөнгө чейин бөлүштүрүлөт.

15. Ыйгарым укуктуу орган буудай унунун экспорттук квотасынын бөлүштүрүлгөн көлөмү жана бөлүштүрүлбөгөн көлөмү жөнүндө маалыматтарды расмий сайтка жарыялайт. 

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелерине тиркеме 

Форма

АРЫЗ

_____________________________________________

(юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү)

 

_______ тонна көлөмүндө экспорттук квотаны колдонуу менен 

_____________________________________________ташып чыгууга корутунду берүүнү суранат.  

Жетекчи ___________              _____________________

                  (колу)                                        (аты-жөнү) 

Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (дата):

Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматтар:

Аты-жөнү________________________________________________

ИСН  ____________________________________________________

Сериясы    __ID/AN__   №  __________________________________

 

 

 



Тиркемелер

Басып чыгаруу