КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 203 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 “Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээлин изилдөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 “Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы “290” деген цифралар “409” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу