КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 296 токтому

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 118-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев