Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 451 “Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган, ошондой эле атайын тергөө иш аракеттерин жүргүзүүдө колдонулуучу атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Контрчалгындоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
7-августундагы № 451 “Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган, ошондой эле атайын тергөө иш аракеттерин жүргүзүүдө колдонулуучу атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы “Изин суутпай издөө” деген сөздөрдөн кийин “жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен толукталсын;
2) преамбуласы жаңы редакцияда баяндалсын:
“Изин суутпай издөө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алуу үчүн багытталган атайын техникалык каражаттардын жүгүртүлүшүнө мамлекеттик контроль жүргүзүү, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилдөөгө тийиш болгон жагдайларды аныктоо максатында, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Контрчалгындоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 219-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;
3) 1-пункт “изин суутпай издөө” деген сөздөрдөн кийин “жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган, ошондой эле атайын тергөө иш-аракетин жүргүзүүдө колдонулуучу атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесинде:
– аталышы “изин суутпай издөө” деген сөздөрдөн кийин “жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен толукталсын;
– 2-пункттун “ТЭИ ТН коду” графасында:
“а” пунктчасындагы “9006 51 000 0дөн”, “9006 52 000 9дан” деген сөздөр тиешелүү түрдө “9006 53 800 9дан”, “9006 59 000 9дан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“б” пунктчасында:
“8525 80 300 0дөн” деген сөздөр “8525 81 300 0дөн,
8525 82 300 0дөн, 8525 83 300 0дөн, 8525 89 300 0дөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“8525 80 910 9дан” деген сөздөр “8525 81 910 0дөн, 8525 82 910 9дан, 8525 83 910 9дан, 8525 89 910 9дан” деген сөздөр менен алмаштырсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын
8-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров