КР Министрлер Кабинетинин 27.10.22 ж. №591 токтому

20222027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө 

2022–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– 2022–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

– Программаны ишке ашыруу боюнча жол карта (мындан ары – Жол карта) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;

– Жол картаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык;

– Жол картанын бюджети ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык.

2. Жол картада көрсөтүлгөн жооптуу аткаруучулар Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Программаны колдонуу мезгилинде аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берсин. 

4. Программаны ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин. 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                      А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу